Вашингтондо Түркмөнстан менен АКШнын ортосундагы ар жылдык эки тараптуу саясий кеңешменин он биринчи раунду болуп өттү. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Түркмөнстандык делегацияны тышкы иштер министри Рашид Мередов ал эми америкалык тараптан АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм жетектеди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түркмөн-америкалык мамилелердин азыркы абалын жана өнүгүү перспективаларын талдап, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
Кеңешменин катышуучулары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өз ара умтула тургандыктарын ырасташты. Тактап айтканда, коопсуздук тармагындагы кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, “С5+1” аймактык дипломатиялык платформасынын алкагында өнөктөштүктү активдештирүү маселелери талкууланды.
Америкалык негизги компаниялардын катышуусу менен эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар Түркмөнстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар эки тараптуу үзгүлтүксүз консультациялар түркмөн-америкалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн натыйжалуу механизми экенин көрсөткөнүн баса белгилешти.
Рашид Мередов күн мурун АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушуп, анда Түркмөнстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланып, эки тарапты кызыктырган маселелер каралган.















