Түркмөнстандын Элдик Кеңешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов түркмөнстандын электр энергиясын Азербайжан аркылуу Европа өлкөлөрүнө жеткирүү мүмкүнчүлүгүн жарыялаганын расмий “Нейтральный Туркменистан” гезити маалымдады.
22-августта Каспий деңизинин түркмөн жээгинде “Аваза” туристтик зонасында Бердымухамедовдун, ошондой эле Азербайжан менен Өзбекстандын президенттери Илхам Алиев менен Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда үч тараптуу саммит өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында лидерлер биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Жарандык авиация, кеме куруу, транспорт жана логистикалык кызматташтык тармагындагы меморандумдарга, ошондой эле Түркмөнстандын Аркадаг шаары менен Азербайжандын Физули шаарынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча протоколго кол коюлду.
«Түркмөнстандын электр энергиясын Азербайжанга экспорттоо келечегин белгилеп, Бердымухамедов Каспий деңизинин түркмөн жээгинде кубаттуулугу 1574 МВт болгон жаңы электр станциясынын ишке кириши менен Азербайжанды жана анын аймагы аркылуу энергияны Европа өлкөлөрүнө жеткирүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болоруна ишеним билдирди», — деп айтылат билдирүүдө.
Каспий деңизинин жээгиндеги Түркмөнбашы шаарындагы ГЭСтин курулушун түркиялык “Çalik Enerji” компаниясы жүргүзүүдө, иш 2023-жылдын ноябрында башталып, 2027-жылдын май айына бүткөрүлөт.




















