Түркмөнстан өлкөдөгү эң ири Галкыныш кенинде казылып алынган газдын көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда, деп билдирет «Казинформ» агенттигинин өз кабарчысы.
Бул тууралуу GaffneyCline компаниясынын директору Стивен Траверс “Түркмөнстандын мунай жана газы – 2024” эл аралык конференциясынын жана көргөзмөсүнүн алкагында “Жаратылыш газын монетизациялоо – энергетикалык өткөөлдөгү негизги аз көмүртектүү отун” темасындагы панелдик талкууда билдирди.
Анын айтымында, 2030-жылга карата аталган кендеги газ өндүрүүнүн көлөмү суткасына 160 миллион кубометрге чейин көбөйөт, бул Түркмөнстандын экономикалык өсүшү жана энергетикалык коопсуздугу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Ошону менен бирге ал бул амбициялуу максаттарга жетүү үчүн кенди жигердүү өнүктүрүү, анын ичинде өндүрүш жана кайра иштетүү технологияларын модернизациялоо зарыл экенин баса белгиледи. Газдын көлөмүн көбөйтүү өлкөнүн финансылык көрсөткүчтөрүн гана жакшыртпастан, Түркмөнстандын экономикалык туруктуулугун чыңдоодо негизги ролду ойной турган экспорттук каттамдарды диверсификациялоого мүмкүндүк берет.
Буга чейин Казакстан менен Түркмөнстан газ тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашканы маалымдалган.



















