Түркиянын Baykar Defence компаниясы Казакстанда тактикалык учкучсуз учактарды чыгарууну пландоодо. Республиканын коргоо министри Руслан Жаксылыков долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн компаниянын башкы директору Халук Байрактар менен талкуулады.
Сүйлөшүүлөр Стамбулда SAHA EXPO-2024 IV Эл аралык коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында өттү.
“Тараптар өлкөбүздүн аймагында тактикалык учкучсуз учак системаларын жана оперативдүү деңгээлдеги ок-дарыларды өндүрүүнү локалдаштыруу маселеси боюнча жол картасын иштеп чыгууну макулдашты”, — деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Көргөзмөдө ошондой эле Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигинин башчысы менен түрк кесиптештери, анын ичинде Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Коргоо өнөр жай агенттигинин төрагасы Халук Гөргүн, ошондой эле БАЭнин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри Мохаммед бин Мубарак Фадель Аль Мазруи менен жолугушуусу болду. .



















