Бүгүн, 16-октябрда, Түркиянын Малатия провинциясында катуу жер титирөө болду.
TRT Haber агенттиги Түркиянын табигый кырсыктарды башкаруу агенттигине (AFAD) шилтеме берип кабарлагандай, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:46да 5,9 баллга жеткен.
Адистердин айтымында, жер титирөөнүн очогу 441 миңдей калкы бар Малатия шаарынан 47 чакырым чыгышында жана очогу 10,07 км тереңдикте болгон. Ал Диярбакыр, Элазыг, Кахраманмарас, Токат жана Адыяманда сезилген.
Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.
2023-жылы февраль айында катталган Түркиядагы катуу жер титирөөдөн улам 50 миңден ашык адам каза болгон.


















