Түркиянын Бурса шаарында машыгуу учурунда аскердик учагы кулап, эки учкуч каза болду.
Habertürk агенттигинин маалыматына караганда, окуя Түркия убактысы боюнча саат 08:10до Енишехир аэропортунда болгон. Кырсык катталган жерге медициналык жана куткаруу кызматтары барган.
Акыркы тактоолорго караганда кыйроого учураган учак жеке авиациялык окуу жайлардын бирине таандык болгону айтылууда. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери башталды.
Түркияда машыгуу учурларында аскердик учактар кырсыктап турат. Ушул жылы 4-июнда да, Анкаранын Кайсери провинциясында машыгуу убагында аскердик учак кулап түшкөн. Анда да эки учкуч каза болгонун өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирген.



















