Түркия Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) менен мамилесин чыңдоого умтулууда, бирок анын эң башкы артыкчылыгы НАТОдогу милдеттенмелерин аткаруу бойдон калууда.
Бул тууралуу Рейтер агенттигине республиканын Коргоо министрлигинин башчысы Яшар Гүлер билдирди.
Гүлер: «Түркия ШКУ менен карым-катнаштарын жакшыртууну көздөйт, бирок биздин артыкчылыгыбыз маанилүү өнөктөш катары НАТО алдындагы милдеттенмелерибизди аткаруу жана союздаштар менен тилектештикти чыңдоо»,-деди.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган НАТОнун июль айындагы саммитинен кийин анын өлкөсү ШКУга толук кандуу мүчө болуу ниетин билдирген Түркия азыр уюмда байкоочу статусуна ээ.



















