Түркия Россия менен АКШнын жогорку деңгээлдеги жолугушуусун өткөрүү боюнча эч кандай сунуштарды ала элек, бирок тараптардын өтүнүчү болгон учурда мындай жолугушууну өткөрүүгө даяр.
Бул тууралуу Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдогандын администрациясы РИА Новости агенттигине билдирди.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шаршемби күнү Россия менен АКШ президенттери — Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуу мөөнөтү дагы аныктала электигин билдирген. Ал кошумчалагандай, Трамп да, Путин да жогорку натыйжалуулук менен иштөөгө көнгөн, бирок бул олуттуу даярдыкты талап кылат.
«Биз азырынча мындай өтүнүчтөрдү ала элекпиз, бирок тараптар каалаган учурда мындай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенибиз жогорку деңгээлде айтылган», — деп билдирген агенттикке Түркия президентинин администрациясынын өкүлү.
16-октябрда Путин менен Трамп кайрадан телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал болжол менен эки саатка созулган. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында алар быйылкы жылы экинчи жолу жекеме-жеке жолугушууну өткөрүүнү макулдашып, жолугушуунун орду катары Будапештти тандашкан. Бирок датасы азырынча макулдашыла элек.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Россия менен АКШнын президенттеринин жолугушуусуна даярдыктар уланып жатканын Фейсбук баракчасында билдирди.


















