Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Түркия БРИКСке кирүүгө арыз берди. ЕБдин реакциясы

  • Башкы жаңылыктар, Саясат, Экономика
  • 05.09.2024 16:09

Loading

Түркия БРИКСке толук кандуу мүчө болуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирди.

Ал БРИКС өлкөлөрү Түркиянын бирикмеге катышуу өтүнүчүн карай турганын белгиледи.

«Түркия толук мүчөлүккө арыз берди, биз аны карап чыгабыз», – деди Ушаков.

Тема боюнча

«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

27.10.2026

1-январдан тарта БРИКСке Россия төрагалык кылууда. Жыл уюмга жаңы мүчөлөрдүн кириши менен башталды – азыр анын курамына Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары  Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирет.

Анын айтымында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Казанда өтүүчү БРИКСтин саммитине катышуу чакырыгын кабыл алды.

Ушаков бул сунуш түрк тарапка берилгенин жана Түркиянын президенти аны кабыл алганын белгиледи.

Москванын төрагалыгы адилеттүү дүйнөлүк өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны астында өтүүдө. Россия 200дөн ашык саясий, экономикалык жана социалдык иш-чараларды уюштурат. БРИКСтин саммити Казанда 22-24-октябрга белгиленген.

Буга чейин Bloomberg булактарына таянып, Анкара бир нече ай мурун БРИКСке кошулуу өтүнүчүн расмий түрдө тапшырганын кабарлаган. Агенттик маалымдагандай, муну менен Түркия өзүнүн глобалдык таасирин бекемдөөгө жана салттуу Батыш союздаштарынан тышкары жаңы байланыштарды түзүүгө умтулууда.

РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Түркиянын биримдикке мүчө болууга чындап кызыкдар экенин белгиледи.

Түркиядагы башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын расмий өкүлү Омер Челик 3-сентябрда Эрдоган БРИКСке кирүү каалоосу тууралуу бир нече жолу айтканын, Түркиянын уюмга мүчөлүгү боюнча талкуулар уланып жатканын билдирди.

“Президентибиз (Режеп Тайып Эрдоган- ред.) БРИКСке мүчө болууну кааларыбызды бир нече жолу билдирген. Эгер бул багытта сезилерлик жылыш болсо, аны сиздер менен бөлүшөбүз, азырынча сезилерлик жылыш жок. Президентибиз Түркиянын маанилүү платформаларга, анын ичинде БРИКСке катышууну каалай турганын айтты», – деди Челик шейшемби күнү брифингде.

БРИКС – 2006-жылы Россиянын демилгеси менен түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү Бразилия, Россия, Индия жана Кытай болгон, өлкөлөрдүн ангисче аталышындагы баш тамгаларынан кыскартылып BRIC акроними түзүлгөн. Бул биримдикке алгач төрт гана өлкө кирип, Түштүк Африка кийинчирээк гана кошулуп, уюм BRICS деп аталып калган.

2022-жылдын май айында биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин видеоконференция аркылуу өткөн жыйынында Кытай БРИКСтин таасирин жайылтуу максатында аны кеңейтүү процессин баштоону сунуштаган. 2023-жылдын августуна карата уюмга кирүүгө 20га жакын өлкө арыз берген.

2023-жылдын 22-24-августунда Йоханнесбургда өткөн 15-саммитте уюмга алты өлкөнүн – Аргентина, Египет, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабия жана Эфиопия кошулганы жарыяланган. Бирок, 2023-жылдын декабрында Аргентина (президент Хавьер Майли бийликке келгенден кийин)  уюмга кошулуудан баш тарткан, ал эми калган өлкөлөр 2024-жылдын 1-январында БРИКСтин толук кандуу мүчөсү болушкан. Ошентип бирикме БРИКС+ деген расмий эмес аталышты алган.

Европа Биримдигинин тынчсыздануусу

Анкаранын БРИКСке кирүү ниети тууралуу кабарларга Евробиримдиктин Тышкы иштер кызматынын өкүлү Питер Стано Брюсселдеги маалымат жыйынында комментарий берди.

Ал Түркия кайсы эл аралык блокторго кирүүнү тандоо укугуна ээ экенин бирок, ал дагы эле Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер өлкө болуп саналарын жана коомчулуктун баалуулуктарын урматтоого тийиш экенин билдирди.

“Түркия, башка мамлекеттер сыяктуу эле, өзүнө эмне жакшы экенин чечүүгө укугу бар. Биздин мамилелерибизге келсек, Түркия Евробиримдикке кирүүгө талапкер өлкө, бажы биримдигибиз жана абдан жакшы соода алакабыз бар”,- деди ал. 

Станонун айтымында, талапкер өлкөлөр ЕБдин аалуулуктарын жана келишимдер боюнча милдеттенмелерин урматташы керек.

Стано ошондой эле БРИКС менен ЕБ ортосунда олуттуу айырмачылыктар бар экенин баса белгиледи.

“БРИКС менен ЕБ эки башка уюм экенин кошумчалай кетүү абдан маанилүү: максаты, түзүмү, бардыгы боюнча”, – деп белгиледи ал.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: арызБРИКСЕБмүчөлүкТүркия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Европадагы энергетикалык кризис: чоо-жайы

Европадагы энергетикалык кризис: чоо-жайы

28.10.2026
«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

27.10.2026
Түркия, Сауд Арабиясы, Пакистан жана Иран аймактык коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашты

Түркия, Сауд Арабиясы, Пакистан жана Иран аймактык коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашты

27.10.2026
ЕБ АКШ менен Израилдин Иранга каршы агрессиясына жол ачкан: Ульянов

ЕБ АКШ менен Израилдин Иранга каршы агрессиясына жол ачкан: Ульянов

26.10.2026
Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

26.10.2026
Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

15.10.2026
Сауд Арабиясы Пакистан менен Түркияга ыктоодо: АКШнын «коопсуздук чатыры» хуситтерге каршы натыйжасызбы?

Сауд Арабиясы Пакистан менен Түркияга ыктоодо: АКШнын «коопсуздук чатыры» хуситтерге каршы натыйжасызбы?

13.10.2026
Эрдоган Ирандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

Эрдоган Ирандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

25.09.2026
Германияда, Францияда жана Түркияда күйүүчү майдын баасы өстү

Германияда, Францияда жана Түркияда күйүүчү майдын баасы өстү

18.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.