КЭДР кайрадан Корея Республикасын көздөй аба шарларын учурду, болжол менен бортунда таштандылар бар.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги Түштүк Кореянын баш калаасынын мэриясынын маалыматына таянып билдирди.
Учурдагы өнөктүк майдын аягынан бери 25-ирет жасалууда. Жалпысынан бул убакыттын ичинде КЭДРдин аймагынан 5 миңден ашык шар учурулган. Буга чейинки учуруу 4-октябрда болуп, түштүк кореялык тарап 320 шар санаган.
Буга чейин Пхеньян Түштүк Кореянын коммерциялык эмес уюмдарынын КЭДРге үгүт баракчаларын таштаганын жоопсуз калтырбай турганын эскерткен. 3-октябрда активисттер азык-түлүк, доллар, диний адабияттар жана түштүк кореялык сериалдар тартылган USB дисктер салынган 700дөй пакетти деңиз аркылуу алып өтүүгө аракет кылышкан.




















