Корея Элдик Демократиялык Республикасы (КЭДР) жаңы жашыруун куралга ээ болуп, коргонуу тармагындагы илимий-изилдөө иштеп чыгууларда олуттуу жетишкендиктерге жетти. Бул тууралуу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 14-чакырылыштагы Жогорку элдик жыйындын 13-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө айтып, анын билдирүүсүн Борбордук телеграф агенттиги (ЦТАК) жарыялады.
“Биз жаңы жашыруун куралга ээ болдук жана коргонуу илиминдеги изилдөөлөрдө чоң ийгиликтерге жетиштик. Бул биздин аскердик күчүбүздүн мындан аркы өсүшүнө олуттуу салым кошот”, — деди ал.
Ким Чен Ын кошумчалагандай, КЭДР көп багыттуу эсминецтерди түзүп, деңиздеги күчүн чыңдады.
“Биздин партия жана өкмөт өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөдө туруктуу жана тез прогресске жетишүүдө”, — деп белгиледи Түндүк Кореянын лидери.
Өткөн жумада Борбордук телеграф агенттиги (ЦТАК) Түндүк Кореяда Ким Чен Ындын жетекчилиги астында учкучсуз учуучу апараттар сыноодон өткөрүлгөнүн кабарлаган. Сыноонун жыйынтыгында Ким Чен Ын жасалма интеллектти өнүктүрүүнү КЭДРдин куралдуу күчтөрүн модернизациялоонун маанилүү багыты деп атаган.




















