Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Кытайдагы сүйлөшүүлөрү аяктады. Алар 2,5 саатка созулду: 1,5 саат делегациялардын катышуусунда, дагы 1 саат жекеме-жеке сүйлөштү. Сүйлөшүүлөр аяктаган соң Путин Ким Чен Ынды жолугушуу өткөн Пекиндеги “Дяоюйтай” резиденциясында токтоп турган унаасына чейин узатып барды.
РФ лидери Түндүк Кореянын лидерин кайрадан Россияга келип кетүүгө чакырды. Жооп катары Ким Чен Ын жакында жаңы жолугушууну жарыялап, кесиптешине ден соолук жана ийгиликтерди каалады.
“Бизге келип кеткиле” деди орус президенти Ким Чен Ынга. Алардын коштошуу видеосун Кремлдин басма сөз кызматы жарыялады.
Эки өлкөнүн лидерлеринин пландан тышкары жолугушуусу милитаристтик Японияны жеңгендин 80 жылдыгына жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына арналган параддан кийин болду. Орус президенти менен Түндүк Кореянын лидери сүйлөшүүлөргө “Аурус” унаасы менен чогуу келишти. Алгач алар делегациялардын мүчөлөрүнүн катышуусунда сүйлөшүштү. Ага Россия тараптан Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Коргоо министри Андрей Белоусов катышты.
Путин түндүк кореялык кесиптеши менен өзүнчө жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин белгиледи. Ал акыркы мезгилде мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүү ишенимдүү, союздаштык мүнөзгө ээ болгонун айтып, Россия менен КЭДР нацизмге, фашизмге жана милитаризмге каршы жалпы күрөшкө катышканын белгиледи. Путин Түндүк Кореянын аскерлеринин Курск аймагын бошотуудагы ролун баса белгиледи.
КЭДР лидери Путин менен өзүнчө жолугуп, эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүн жана келечегин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин белгиледи. Ал эки өлкөнүн мамилелери өткөн жылдын июнь айында мамлекеттер аралык келишим түзүлгөндөн кийин ар тараптан өнүгүп жатканын белгиледи.
Ким Чен Ын эгерде Пхеньян Москвага кандайдыр бир жардам бере алса, сөзсүз түрдө жардам берерин, бул бир туугандык милдет экенин кошумчалады.
Андан соң лидерлер бир саатка созулган жекеме-жеке сүйлөшүү өткөрүштү. Андан соң Путин КЭДР башчысын Орусияга келип кетүүгө чакырды. Ким Чен Ын жакын арада жаңы жолугушууну жарыялап, кесиптешине ден соолук жана ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3-сентябрда, Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад болуп өттү. Парадга Путин менен Ким Чен Ын, ошондой эле чет өлкөлөрдүн 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышышты.


















