Бүгүн, 3-июль Тегерандагы “Мосалла” комплексинде маркум аятолла Али Хаменеи менен расмий коштошуу аземи өтүп жатат.
Буга байланыштуу Бишкек мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Машрапов Таласбек иран элине өзүнүн, университеттин эмгек жамаатынын жана студенттеринин атынан Ирандын лидери аятолла Али Хаменеинин өлкөсү, эли, өлкөнүн эркиндиги жана суверендүүлүгү үчүн жанын берип, шейит болушуна байланыштуу терең кайгыруу менен кɵңүл айтты.
Ал белгилегендей, аятолла Хаменеи ислам дүйнөсүндөгү лидерлеринин бири катары чөлкөмдүн өлкөлөрүнүн жана элдеринин биримдиги жана достугу үчүн эмгеги сиңген киши болгон.
“Ал 2000-жылдардын башында Тегеран шаарында Кыргызстандан барган делегацияны кабыл алып, улуу инсан менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгом. Ошол жолугушууда ал жалындуу сөздөрдү сүйлөп, “биз бир чөлкөмдөбүз, биздин тарыхыбыз бир, маданиятыбыз окшош, динибиз бир, биздин менталдык өзгөчөлүктөрүбүз бир деп, биригели, чогуу жашайлы, илимди өнүктүрөлү, жаштарга татыктуу билим берели” деген жалындуу сөздөрү эсимде калыптыр”, – деди ал.
Ал белгилегендей, аятолла Хаменеи чыныгы лидер катары Иран Ислам республикасынын көз карандысыздыгы жана эркин өнүгүшү үчүн көп эмгеги сиңген мамлекеттик ишмер болгон. Ал ислам өлкөлөрүндөгү руханий байлыкка, илим-билимге жана жаштарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурган. Ал өзүнүн идеяларын ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаган, акырында жанын берип, шейит болду.
Анын Иран элине өткөн кызматы, коңшу өлкөлөрдүн биримдиги жана алардын эркиндиги үчүн дүйнөдөгү согушчан өлкөлөргө каршы күрөшкө көрсөткөн үлгүсү абдан маанилүү.
“Аятолла Хаменеинин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө дайым кала берет жана анын Ирандын эгемендүүлүгү жана өз алдынчалыгы үчүн күрөшүүсүнүн негизги үлгүсү катары кала берет. Жаткан жери жайлуу болсун, жаны жаннатта болсун”, – деди Машрапов.
Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга каршы баштаган аскердик аракеттеринде шейит болгон.
Тегерандагы иш-чаралар 6-июлга чейин созулат. 7-июлда маркумдун сөөгү Кум шаарына жеткирилет. 8-июлда Ирактын Кербала жана Наджаф шаарларында коштошуу зыйнаты өтөт.
Ал эми 9-июлда анын сөөгү кайрадан Иранга алынып келип, туулуп-өскөн Мешхед шаарында жерге берилет.Тегерандагы коштошуу аземине 100гө жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Алардын арасында өлкө башчылары, өкмөт башчылары, парламент төрагалары, тышкы иштер министрлери, саясатчылар, атайын өкүлдөр жана коомдук ишмерлер бар.
Зыйнатка Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев, Тажкистандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриддин Исмоилов баштаган делегация, Түркмөнстандан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Казакстандан Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев катышууда.



















