Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

“Сынган кылыч” көркөм тасмасын тартууга 50 млн сом чогулду

  • Маданият
  • 31.01.2024 09:13

Loading

Белгилүү кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков тарабынан жазылган “Сынган кылыч” романынын негизинде тартыла турган көркөм тасмага азыркы учурда 50 млн сом чогулду, жакында 200 млн сомго жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов Фейсбуктагы барагында жазды. Ал кечээ аталган тасманы тартуу демилгесин көтөргөн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин чакыруусу менен аны менен жолуккан. К. Молдокасымов Н. Шакиев менен жолуккандан кийин эмне тууралуу сөз болгондугун төмөндөгүдөй баяндаган:

“Буюрса “Сынган кылыч” сериал болуп тартылганы калды. “Сынган кылычты” көркөм тасма кылып тартышыбыз керек – деген сөздү айтылып жүргөн сөздүн бири да деп анчалык ишенген деле жокмун. Себеби тарыхый романдагы Нүзүп, Алымбек датка, Курманжан датка, Жаркын айым, Зыйнат датка, Соно айым, Алымкул аталык, Шералы хан жана анын уулдары, Исхак Молдо (Полот хан), Абил бий жана башка каармандарды, бири-бири менен чырмалышкан окуяларды дээрине жеткире көркөм тасма тартууга көп каражат талап кылынары турган иш да. Чыгармадагы көркөмдүктү өз деңгээлинде көркөм тасма аркылуу элге жеткирүү мүмкүнбү?! Мына ушундай күдүк ойлор мээмди ээлеп алган эле.

Жакында “Сынган кылычты” көркөм тасма кылып тарттырабыз деген демилгенин ээси, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев чакырып, тарыхый роман жана келечекте тартылчу көркөм тасма тууралуу кеңири сүйлөшүп отурдук. Өз сөзүн жүзөгө ашыруу үчүн катуу киришиптир. Эң башкысы каражат маселеси чечиле баштаптыр. Бир аптага жетпей эле 50 миллион сомдун башы чечилгенин, буюрса жакынкы күндөрү 200 миллион сомго жеткирээрин чечкиндүү айтып отурду.

Тема боюнча

Иран менен Италия Персеполдун байыркы дарбазаларын калыбына келтирүүгө киришет

Иран менен Италия Персеполдун байыркы дарбазаларын калыбына келтирүүгө киришет

03.08.2026

Демек, каражаттын чечилгени, көркөм тасманы тартууга кадамдын башталышы деп ишенимдүү айта берсек болчудай. Нурлан мырза сөздү бийик туткан, сөздү айткандан кийин аткарган жагын мурда эле жакшы билчүмүн. Бул жолу дагы бир жолу ынанып, төбөм көккө жетип чыктым.

Ток этер жери “Сынган кылыч” беш сериалуу көркөм тасма болуп тартылганы калды. Сценарий жазганга, сериалды тартканга эң мыкты жазуучулар, режиссерлор, керек болсо четтен да мыктылар чакырылмай болду. Буюрса чыгармачыл топтун алгачкы отуруму февраль айында болуп, ошол жерде конкреттүү талкуу болуп, иш пландары бекитилип, алдыга көздөй кадам башталганы калды”.

Белгилей кетүүчү жагдай, Н. Шакиев быйыл, 2024-жылы Кара кыргыз автономиялуу облусунун же кыргыз мамлекетинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жазуучу Т. Касымбековдун “Сынган кылыч” романы боюнча көркөм тасма тартууну демилгелеп, ал бир нече серил болорун билдирген.

“Сынган кылыч” романында жазуучу Орусия империясынын Түркстанды учурдагы Орто Азияны басып алышындагы айрым жергиликтүү башкаруучулардын ойногон ролун, калктын көтөрүлүшүн усталык менен талдап берген.

Бул роман кыргыз элинин улуттук тарыхындагы өзүнчө бир доор – Кокон хандыгы мезгилиндеги элдин коомдук абалын көркөм сүрөттөгөн тарыхый роман. Чыгармада айрым коомдук өнүгүүнүн терең катмарларына жасалган тарыхый экскурстарды эске албаганда да, Алим хан такка олтурган 1801-жылдан Исках-Болот хан даргага асылган 1876-жылга чейинки 75 жыл ичиндеги элдин башынан өткөн окуялар чагылдырылган. 75 жыл бир кылымга жакын убакытта элдин күрөшү, мүдөөсү, ойлоп тапкан амалы бир максатка багытталган. Ал – өз алдынча, көз карандысыз мамлекет куруу, улуттук намыстын туусун бийик кармоо, улуттук эркиндикти эңсөө. Жазуучу эркиндиктин, көз карандысыздыктын символу катары канаттуунун падышасы – бүркүттү тандаган.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "Сынган кылыч"көркөм тасмаТ. Касымбековтарых
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Он жылдык мораторий Кыргызстандын тарыхый имараттарын жоголуп кетүүдөн сактай алабы?

Он жылдык мораторий Кыргызстандын тарыхый имараттарын жоголуп кетүүдөн сактай алабы?

03.08.2026
Иран менен Италия Персеполдун байыркы дарбазаларын калыбына келтирүүгө киришет

Иран менен Италия Персеполдун байыркы дарбазаларын калыбына келтирүүгө киришет

03.08.2026
Иран Казакстанга баалуу байыркы кол жазмалардын көчүрмөлөрүн тапшырды

Иран Казакстанга баалуу байыркы кол жазмалардын көчүрмөлөрүн тапшырды

11.12.2025

Азирет Алинин изи калган делген Кадамжай тууралуу тарыхчы эмне дейт

26.11.2025
Бишкекте Ч. Валихановдун 190 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болду

Бишкекте Ч. Валихановдун 190 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болду

31.10.2025
Иранда “Ыйык коргонуу жумалыгы” башталды. Иран-Ирак согушуна арналган музей. Сүрөт

Иранда “Ыйык коргонуу жумалыгы” башталды. Иран-Ирак согушуна арналган музей. Сүрөт

24.09.2025
Монголияда кыргыздардын маданий мурастары изилденет

Монголияда кыргыздардын маданий мурастары изилденет

13.08.2025
Садыр Жапаров: Тарыхтан сабак алалы

Садыр Жапаров: Тарыхтан сабак алалы

17.05.2025
Депутат Чоң-Алайда археологиялык казуу иштерин жүргүзүп, тарыхты тактоону сунуштады

Депутат Чоң-Алайда археологиялык казуу иштерин жүргүзүп, тарыхты тактоону сунуштады

13.05.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.