Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Суусамырга иш сапары менен барып, аймактын бир топ социалдык маселелери менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Алгач Нурланбек Азыгалиев Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагына иш сапары менен барып, бир катар объектилердин абалы менен таанышты.
Эл өкүлү биринчи Суусамыр айылында салынып жаткан Маданият үйүнүн курулушун көрдү. 200 орундуу имараттын курулушу 2019-жылы башталып, ошондон бери аягына чыкпай келет. Ага ылайык төраганын орун басары 4 жылдан бери бүтпөй жаткан ишти ыкчамдатуу менен сапатына өзгөчө көңүл буруу талабын койду.
Ошондой эле Суусамырдагы Арамза жайлоосуна баруучу жолдогу көпүрөнүн да абалынан кабар алды. Алсак, 2018-жылы салынган көпүрөнүн бир түркүгү 2020-жылы урап калган. Кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аракети менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Бирок учурда да абал кооптуу. Анткени Суусамыр дарыясынын сол жээгин суу жеп, көпүрө кайрадан кулап калуу коркунучунда. Андан тышкары суунун нугунун бузулушу Тунук айылына да коркунуч туудурууда. Андыктан Нурланбек Азыгалиев дарыянын жээктерин бекемдөө ишин тездетип, абалды жөнгө салуу керектигин белгиледи.