Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда жайгашкан, Чүй, Талас, Жалал-Абад облусттарынын төрт түлүк малы жайында жайлаган Суусамыр жайлоосун акыркы 20 жылдан бери алтыгана (караган) бадалы каптап, жайыт аянтын гана азайтпастан, табигый чөптүн ордун басуу менен тоют тартыштыгын да жаратууда. Адистердин маалыматы боюнча, алтыгана Суусамыр өрөөнүнүн 28 миң гектар аянтынын 5 миң гектарына жакын аймагын басып кеткен жана жылдан жылга көбөйүүдө.
Анткени алтыгана тикенектүү болгондуктан, аны кой, уй, эчки же жылкы жей албайт. Бир гана төө жейт айтышууда. Бирок алтыгана өскөн аймакты курчоого алып, төө багуу сунуштары көтөрүлгөн менен ал иш жүзүнө ашпай келүүдө.Мындан тышкары алтыгананын тамыры өзөгүнөн да узун болуп, бир нече метрге чейин, богондо да терең эмес, капталынан өскөндүктөн, аны трактор менен айдап, тамырын жок кылуу аракети да майнап бербейт экен. Жергиликтүү жашоочулар андан шыпыргы, курулуш материалын жана отун даярдоону да сунуш кылышып, бул демилге да максатына жеткен эмес. Алтыгана көйгөйү өкмөттүк, парламенттик деңгээлде көтөрүлүп, бирок эч кандай чечкиндүү кадамдар жасалган жок.
Ал эми КРнын Улуттук илимдер академиясы менен Кытайдын Улуттук илимдер академиясы алтыгана көйгөйүн илим жолу менен чечүүнү же андан төрт түлүк мал үчүн жем (биожем) даярдоо боюнча долбоорду колго алышууда. Аталган иш чараны коомчулукка тааныштыруу үчүн 22-июлда Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндө атайын кеңешме өттү.
Иш-чараны Борбордук Азиянын Экология жана айлана-чөйрө боюнча илимий-изилдөө борбору уюштурду. Ага Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Жээнбаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мыктыбек Каландаров, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Ли Хуа, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү, борбордун кытай тараптагы теңтөрагасы Ли Яомин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактын тургундары жана журналисттер катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө алгач борбордун кыргыз тараптагы теңтөрагасы Саламат Абдыжапар уулу алтыгананы кайра иштетип, малга тоют даярдоо технологиясын кеңири тааныштырган баяндама жасады жана аны пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү жана долбоордун кийинки этаптары тууралуу маалымат берди. С. Абдыжапар уулунун айтымында, Кытайдын Ички Монголия провинциясында ал тургай алтыгананы атайын эгишип, андан мал үчүн жем жасашат.
Тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү буга чейин алтыгананы жок кылуу боюнча гана чаралар каралып келгенин белгилешти. Эми болсо мамлекеттик деңгээлде аны кайра иштетип, мал үчүн пайдалуу тоют катары колдонууга багытталган долбоор колдоого алынып жатканын колдоого алышты.
Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Жээнбаев алтыгана маселеси көп жылдан бери чечилбей келгенин баса белгиледи. Анын айтымында, окумуштуулар менен адистердин биргелешкен ишинин натыйжасында жаратылышка, жайыттарга жана жергиликтүү тургундарга пайда алып келе турган чечим сунушталды. УИАнын президенти ар кандай көйгөйлүү маселеге илимий мамиле жасап, анын өзөгүн тапканда жана чечүүнүн туура жолдору сунушталганда гана максатка жетүүгө болот. Бул багытта кытайлык окумуштуулар менен алгылыктуу иштер жасалууда.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар Суусамыр аймагында Борбордук Азиянын Экология жана айлана-чөйрө боюнча илимий-изилдөө борбору орноткон алтыгананы кайра иштетип, малга тоют даярдоочу атайын жабдуунун ачылыш аземи болду. Анда атайын Кытайдан алынып келинген жабдыкка кургатылган алтыгана бадалы салынып, саман кошуу менен майдаланып, кийинки этапта комбикорм жасалып чыгарылгандыгы көрсөтүлдү.Долбоордун кытай тараптан тең директору Ли Яоминг алтыганага самандан тышкары туз, жүгөрү, буудайды да кошуп майдалап, комбикорм жасаларын айтып берди. Бул тоюттун даамдулугун жана протеин, башка витаминдердин юолушун шарттап, мал жакшы жейт жана бат семирип, эти даамдуу болот. Ал эми алтыгананын өзүнүн курамында 12% протеин бар. Бул долбоордун алкагында 230 миң тонна биожем өндүрүү каралган жана кийин аны иштетүү жергиликтүү элге өткөрүлүп берилмекчи.
Мындан тышкары, катышуучулар Суусамыр өрөөнүндөгү борбордун тажрыйбалык аянтчасына барышып, алтыгананы кайра иштетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр менен таанышышты.
– Буурчак өсүмдүктөрүнүн тукумуна кирген бул бадал экологиялык жактан жаратылышка зыян келтирбейт жана адам үчүн коркунучтуу эмес. Тескерисинче, ал эң жакшы өсүмдүк болуп эсептелет, тоо боорлорун бекемдеп, көчкүнүн алдын алат, топуракта нымды кармап, аны байытат. Мындан тышкары дарылык касиети да бар”, — деп түшүндүрдү Борбордук Азиянын экология жана айлана-чөйрөнү изилдөө борборунун кыргыз тараптагы тең директору Саламат Абдыжапар уулу.
Анын айтымында, тикенектүү болгондуктан мал бул өсүмдүктү жебейт. Карагана Суусамырда илгертеден бери өсүп келген. Бирок мурда жайыттарга түшкөн күч азыраак болгондуктан, мындай чоң көйгөй жаралган эмес. Бүгүнкү күндө Суусамыр өрөөнүндө өлкөдөгү эң ири жайыттар жайгашкан жана алар мал чарбасын өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ.
Акыркы жылдары карагана малга пайдалуу чөптөрдү сүрүп чыгарып, алардын кайра өсүшүнө мүмкүнчүлүк бербей калды. Эгерде аны менен күрөш жүргүзүлбөсө, жакынкы жылдары жайыттар толугу менен карагана басып, мал жаюуга жараксыз болуп калуу коркунучу бар. Сыртынан кооз көрүнгөн жана экология үчүн пайдалуу болгон бул тикенектүү өсүмдүк өлкөнүн стратегиялык тармагы болгон мал чарбасына түздөн-түз коркунуч жаратууда. Ал эми бул азык-түлүк коопсуздугуна жана өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет.
— Эгер азыр натыйжалуу чара көрүлбөсө, Суусамырдын жайыттары жакынкы жылдары өзүнүн негизги багытын жоготот. Мурда карагананы тамыры менен жулуп, өрттөп же пестициддерди колдонуу аркылуу жок кылууга аракет жасалган. Бирок бул ыкмалар жайытка карагананын өзүнөн да көбүрөөк зыян алып келгендиктен, окумуштуулардын сунушу менен аларга тыюу салынган. Ошентсе да бул аракеттер натыйжа берген эмес, карагана улам кеңейе берген. Кийин бизге Кытайдагы кесиптештер жардам колун сунушташты, — деди Саламат Абдыжапар уулу.
Биожем малдын табитине төп келди
Долбоордун каражатына алынган «Саньцюе» тоют гранулятору Суусамыр айылына жеткирилип, орнотулган. Көрсөтмөлүү ишке киргизүүдө жабдуунун иштөө тартиби эч кандай татаал эмес болуп чыкты. Алгач кургатылган карагана майдаланат, андан соң ага ар кандай чөптөр, дан өсүмдүктөрү жана жүгөрү кошулат. Бардык аралашма кайрадан майдаланып, аралаштырылгандан кийин гранула түрүндө даяр биожем болуп чыгат.
Бул жабдуу ар кандай малдын түрүнө ылайык биожем даярдоого мүмкүндүк берет. Натыйжада мал бардык керектүү микроэлементтерди жана өсүшүнө пайдалуу заттарды камтыган экологиялык таза жана толук кандуу азык менен камсыз болот.
Карагананын курамында пайдалуу азык заттар көп болгондуктан, тикенеги болбогондо мал аны өзү эле жеп коймок. Ал эми гранула түрүндө даярдалганда мал аны чоң табит менен жейт.
— Келечекте бул өндүрүштү жергиликтүү тургундардын өздөрү жүргүзүшөт. Биз аларды окутуп, жабдууну пайдаланууну жана биожемдин курамын туура даярдоону үйрөтөбүз. Айыл чарба жана Жаратылышты коргоо министрликтери да долбоорду колдоого даяр экенин билдиришти. Биздин адистер дагы дайыма байланышта болуп турушат, — деди борбордун кытай тараптагы тең директору Ли Яомин.
Илимий эксперимент уланууда
Долбоордун дагы бир маанилүү бөлүгү – эксперименттик талаа. Бул жерде окумуштуулар карагананын жайылышын байкап, аны токтотуунун эң натыйжалуу ыкмаларын аныкташууда.
Караганадан тазаланган бир нече аянтка жергиликтүү чөптөрдүн ар кандай түрлөрү себилип, алардын өсүшү көзөмөлдөнүүдө. Өткөн жылы тазаланган жерлерде кайрадан табигый чөптөр өсө баштаганы байкалган. Бул кыргыз жана кытай окумуштуулары тандаган ыкманын туура экенин көрсөтүүдө.
Бирок акыркы илимий жыйынтыкты чыгаруу үчүн дагы эки-үч жылдык байкоо жүргүзүү талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Жээнбаев белгилегендей:
— Бул долбоор карагана көйгөйүн чечүүгө жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө чоң жардам берет. Эгер кийинки изилдөөлөр малдын салмагы жакшы көбөйүп, ден соолугу чың экенин көрсөтсө, анда бул тажрыйбаны карагана өскөн башка аймактарга да жайылтуу зарыл. Ошондой эле мал түздөн-түз жебеген башка өсүмдүктөрдү да биожем өндүрүүдө пайдаланууга болот. Бул абдан туура чечим.
Анын айтымында, эксперименттик талаадагы байкоолор сунушталган ыкманын канчалык натыйжалуу экенин көрсөтөт. Азырынча көрүнүп тургандай, карагана акырындык менен артка чегинип, табигый чөптөр өз аймагын кайрадан кайтарып баштады.
Кыргыз-кытай илимий кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда
Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Ли Хуа эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу мындай деди:
— «Жашыл» Жибек жолун биргелешип куруунун алкагында Кытай менен Кыргызстандын кызматташтыгы жылдан-жылга чыңдалып жатат. Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын илимдер академиялары негиздеген Борбордук Азиянын экология жана айлана-чөйрөнү изилдөө борбору он жылдан бери тоо экосистемаларын коргоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, карагана менен күрөшүү жана башка багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келет.
Кытай технологияларынын жардамы менен мурда мал чарбасына зыян келтирген карагана эми тескерисинче пайдалуу ресурс болуп калды. Бул долбоор илимий гана эмес, социалдык, экологиялык жана экономикалык мааниге да ээ. Башкача айтканда, ал туруктуу өнүгүүгө кызмат кылат.
Кытай тарап мындан ары дагы борбордун илимий мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, экологиялык илим жана заманбап технологиялар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө даяр.
Жергиликтүү тургундардын ыраазычылыгы
Суусамыр айылынын аксакалы, 75 жаштагы Шабданбек Жумалиев жергиликтүү тургундардын атынан окумуштууларга ыраазычылык билдирди.
— Мен мурда алтыганадан шыпыргы жасоо сунушун айтып, Бишкек мэриясына, Айыл чарба министрлигине барганмын. Эмнегедир алар менин демилгемди колдошкон жок. Бул долбоор жана карагананы биожемге айландыруучу жабдуу биз үчүн чоң жардам болду. Биз мал чарбачылыгы менен жашайбыз. Ошондуктан жайыттардын абалы ар дайым эң маанилүү маселе болуп келген. Суусамырдын эти буга чейин эле эң даамдуу жана пайдалуу деп эсептелчү. Эми болсо ал мындан да сапаттуу болот. Бир гана сунушум – биожемге башка аралашмалар менен кошо сөөк унун да кошкула. Ошондо жемдин курамына кальций жетиштүү болуп, аны жеген кой, эчки, уй жана башка малдардын эти даамдуу болот, — деди ал.
Эмилбек Момунов,
Бишкек-Суусамыр














