Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Султанбаев: Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орундар жетиштүү

  • Кыргызстан
  • 25.09.2023 13:12

Loading

Бизнесмен жана жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо силерди жок кылам деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган жаран кармалды.

Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы эки жарым жылдан бери инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл буруп келет. Бул иш президент Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Мамлекет башчысы ар дайым “инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү керек” деген талапты бардык мамлекеттик органдарга, тийиштүү мекемелерге коюп келет.

Тема боюнча

С. Жапаров: “Кыргызстандын жерин сатып жатышат” деп элди дүрбөлөңгө салбагыла, биз жерлерибизди сатпайбыз

С. Жапаров: “Кыргызстандын жерин сатып жатышат” деп элди дүрбөлөңгө салбагыла, биз жерлерибизди сатпайбыз

21.07.2026

“Өзүңүздөргө маалым болгондой өлкөгө түз инвестицияларды тартуу иши оңой эмес. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө тилекке каршы, инвесторлордун өлкөбүздө ишмердүүлүгүнө жолтоо болгон учурлар бар.
Мисалы акниет эмес бир жаран кармалды. Ал өзү бизнесмен жана жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо силерди жок кылам деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган”, – деп жазды Султанбаев.

Анын айтымында, бул маалымат президент Жапаровго жеткен жана ал териштирүү тапшырмасын берип, анын жыйынтыгында бул жаран кармалып, камакка алынды. Андан ары тергөө иштери жүрөт.

“Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда “кол тийбестер” жок экендигин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса — дароо камалат. Өлкө башчысын адаштырып коебуз же ал эч нерсе билбей калат” дегендер болсо, алар катуу жаңылышат”, – деп кошумчалады маалымат катчы.

Анын айтымында, президент Жапаров УКМК, ИИМ жана башка жеке булактарынан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турат. Учурда Мамлекет башчысында дагы кимдер “жогорку байланыштарына” жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар.

“Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орундар жетиштүү”, – деди Эрбол Султанбаев.

 ИИМ иштин чоо-жайын айтты

ИИМдин маалымат кызматы чет элдик инвесторлордон өзгөчө ири өлчөмдө (200 миң АКШ доллары) акча каражатын талап кылган жарандар кармалганын маалымдады.

Маалыматка караганда, 24-сентябрда ИИМдин тергөө кызматына Х.С. аттуу башка мамлекеттин жараны арыз менен кайрылып, 22-августтан 16-сентябрга чейинки убакытта Н.Т. аттуу арыздануучунун таанышы «Ислам» жана «Фазиль» аттуу уулдары менен кылмыштуу сүйлөшүп, белгисиз маркадагы ок атуучу курал менен анын үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркутуп, башка өлкөнүн үч жаранына арыздануучуга карата арыз жазууга мажбурлашканын айткан. Анда, Президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардан ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп билдирген.

16-сентябрда Т.Н. Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде болуп, Х.С.ны каматам деп жана жогорку кызматтагы адамдар менен коркутуп, республиканын укук коргоо органдары ага карата материалдарды жана арыздарды чогултуп жаткандыгы тууралуу терс маалыматтарды берип, дагы бир жолу жакшылап ойлонорун айтып кеткен.

17-сентябрь күнү Т.Н. борбор калаада жайгашкан кафелердин биринде Х.С.ны шантаж кылууну улантып, жумушчулардын арызы менен коркутуп, 200 миң АКШ долларын талап кыла башташкан.

Ошол эле күнү бул кылмыш ишинин алкагында 1978-жылы туулган Н.Т.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын “BMW X7” үлгүсүндөгү унаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңги заты, темир кастети жана 11 даана патрондор табылып, алынган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 24-сентябрда 2001-жылы туулган Н.И., 1997-жылы туулган М.Ф., башка өлкөнүн жараны кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми 1978-жылы туулган Н.Т. 25-сентябрда кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ИИМинвесторкоркутууЭрбол Султанбаев
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү Кытай менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргызстан жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү Кытай менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

08.09.2026
С. Жапаров: “Кыргызстандын жерин сатып жатышат” деп элди дүрбөлөңгө салбагыла, биз жерлерибизди сатпайбыз

С. Жапаров: “Кыргызстандын жерин сатып жатышат” деп элди дүрбөлөңгө салбагыла, биз жерлерибизди сатпайбыз

21.07.2026
Бишкекте өткөн ШКУнун ИИМ жетекчилеринин Кеңешмесинин жыйынтыгында протоколго кол коюлду

Бишкекте өткөн ШКУнун ИИМ жетекчилеринин Кеңешмесинин жыйынтыгында протоколго кол коюлду

05.06.2026
Бишкекте Россия менен Ирандын ИИМ башчылары жолугушту. Сүрөт

Бишкекте Россия менен Ирандын ИИМ башчылары жолугушту. Сүрөт

05.06.2026
Кыргызстан менен Ирандын ички иштер министрлери жолугушту

Кыргызстан менен Ирандын ички иштер министрлери жолугушту

05.06.2026
Ирандын ИИМ башчысы Бишкектеги жыйында ШКУга мүчө мамлекеттерди бир тараптуулукка каршы биргелешип аракеттенүүгө чакырды

Ирандын ИИМ башчысы Бишкектеги жыйында ШКУга мүчө мамлекеттерди бир тараптуулукка каршы биргелешип аракеттенүүгө чакырды

05.06.2026
Иран менен Пакистандын ИИМ башчылары Бишкекте кандай маселелерди талкуулашты?

Иран менен Пакистандын ИИМ башчылары Бишкекте кандай маселелерди талкуулашты?

05.06.2026
Бишкекте Иран менен Тажикстандын ИИМ башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу өтүп жатат

Бишкекте Иран менен Тажикстандын ИИМ башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу өтүп жатат

05.06.2026
Трамп Кубаны басып алуу менен коркутуп, аралга учак ташуучу кеме жөнөтөрүн билдирди

Трамп Кубаны басып алуу менен коркутуп, аралга учак ташуучу кеме жөнөтөрүн билдирди

02.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.