Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин Кеңешмесинин алкагында Иран менен Тажикстандын ички иштер министрлеринин жолугушуусу өттү.

“Eurasia Today” агенттигинин кабарчысы маалымдагандай, Ирандын ички иштер министри Искендер Момени менен анын тажик кесиптеши Рамазан Рахимзоданын жолугушуусу достук маанайда өттү.

Анда тараптар аймактагы учурдагы кырдаалды талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Ирандын ички иштер министри Искендер Момени 4-июнда Ирандын расмий делегациясынын башында Кыргызстанга келип, аны кыргыз тараптын өкүлдөрү тосуп алышкан.

Иш-чаралардын программасына ылайык, бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин Кеңешмеси өтөт деп күтүлүүдө.



















