“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинен билдиришкендей, тоо аймагына полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды.
Чечим, МинКабдын 2023-жылдын 10-августундагы “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу” жөнүндөгү КР мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен, тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Бул чечимге байланыштуу, музей комплекстин аймагындагы буга чейин пластик бөтөлкөлөрдө суусундук, полимер пленкасынан жасалган пакеттерде чипсы, кириешки, күнкарама ж.б. саткан түйүндөр жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жайкы сезонго чейин чечилет.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда акырындап желим буюмдардан баш тартып, экоматериалдарды колдонууга өтүү өлкө боюнча жайылтылып келе жатат. Мыйзам менен бекилген бул чечимди экологдор эң тураа багыт деп баалашат.



















