АКШнын президенти Дональд Трамп 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул документке ылайык, дагы жети мамлекеттин жарандарына чектөөлөр киргизилгенин Ак үйдүн маалымат кызматы билдирди.
9-июндан, дүйшөмбүдөн тарта, Афганистан, Гаити, Иран, Йемен, Ливия, Мьянма, Конго Республикасы, Сомали, Судан, Чад, Экваториялык Гвинея жана Эритреянын жарандарына АКШга толугу менен кирүүгө тыюу салынат.
Мындан тышкары, Бурунди, Венесуэла, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того жана Түркмөнстандын жарандарына белгилүү бир виза түрлөрү боюнча чектөөлөр киргизилет. Жарлык күчүнө киргенге чейин берилген визалар өз күчүндө калат.
“Regnum” маалымат агенттиги кабарлагандай, Трамп башында турган Ак үйдүн аткаминерлери 2025-жылдын ичинде 1 миллионго жакын мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгарууну көздөшүүдө. Бул процессти Ак үй аппаратынын башчысынын орун басары Стивен Миллер координациялап жатат.
АКШ президенти мыйзамсыз жүргөн адамдарды өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Трамптын айтымында, кимде-ким АКШны өз эрки менен таштап чыгып кетсе, кийин мыйзамдуу негизде кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алат. Эгерде чет элдик жаран мыйзамсыз жүргөн абалында калса жана өлкөдөн чыгып кетпесе, анда бийлик аларды мажбурлап депортациялайт, мындан кийин аларга кайра кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк болбойт.
Дональд Трамп бир катар өлкөлөрдүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салууну өзүнүн биринчи президенттик мөөнөтүндө да киргизген — бул анын 2017-жылы кабыл алган алгачкы чечимдеринин бири болгон.
Ошол кезде Трамп Ливия, Сирия, Йемен жана Сомалинин жарандарына АКШ чек арасын жабууга буйрук берген. Кийин тизмеге Түндүк Корея, Венесуэла жана Чад кошулган.
Бул тыюу көп жолу сотто талашылган, өзгөртүлгөн, бирок акыры күчүндө калган — АКШнын Жогорку соту бир добуш артыкчылык менен бул чечим Конституцияга ылайык деп тапкан.















