ӨКМ Сулайман-Тоого чыгууга белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизди.
Буга чейин т.а. ушул жылдын 18-майындагы нөшөрлүү жаандан кийин тоонун түштүк тарабындагы туристтик жолдордо катуу сел жүрүп, зоодон таш кулап түшкөн. Буга байланыштуу 20-майга чейин убакытуу жабылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Ал эми 21-майда бул чектөө кайра белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
«Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комлексинен билдиришкендей, ӨКМ тарабынан мониторинг иштери жыйынтыкталып, коопсуздук камсыздалгандан кийин музей комплекстин иштөө режими калыбына келтирилет.
«Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин тоого чыгууга кечки 20:00дөн эрте мененки 09:00гө чейин чыгууга тыюу салынган. Бул – жарыктандыруу маселеси жана көзөмөл камераларынын жакшы жолго коюла элегине байланыштуу, талап тоноочулукка байланышкан жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн ушул кадамга барышкан.



















