Судандын Омдурман шаарындагы аскердик аэродромго жакын жерде «Антонов» аскердик учагы кулап түшкөн.
Кырсыктан кеминде 46 адам каза болгонун AP расмий булактарына таянуу менен билдирди. Мындан тышкары дүйнөлүк маалымат агенттиктери дарыгерлерге менен аскер чөйрөсүндөгү булактарга жана жергиликтүү бийлик берген маалыматтарына таянып жазышууда.
Учак 25-феврал күнү Судандын борбору Хартум метрополиясынын бир бөлүгү болгон Омдурман шаарынын түндүгүндөгү Вади Сайидна авиабазасынан учуп баратканда кулап түшкөн.
Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. ММКлардын маалыматына караганда, каза болгондордун арасында аскер кызматкерлери да, анын ичинде жогорку даражалуулар да, карапайым адамдар да бар.
Маалыматтарга караганда, учак өлкөнүн борбору Хартумдун агломерациясына кирген Омдурман шаарындагы аскерий аэродромдун жанындагы калк жыш жайгашкан аймакка кулап түшкөн. Бул кырсыктын айынан тукжайлардын жашоочулары да кырсыктын курмандыгы болушкан. Омдурмандын Каррари аймагындагы дагы бир нече үй жабыркаган. Ошондой эле он кишинин жарадар экени айтылган. Издөө иштери уланууда.
Каза болгондордун бири өкмөттүк армиянын командири, мурда Хартум гарнизонунун башчысы болуп иштеген генерал-майор Бар Ахмед экени кабарланууда.
Учак кырсыгынан өмүрү кыйылгандардын арасында аскер кызматкерлери да, карапайым адамдар да бар экени айтылууда. Адегенде учакта 19 адам болгону кабарланган, андан кийин 20дан ашуун адам өлгөнү кабарланып, акыркы көрсөткүчтө каза болгондордун саны 40тан ашты.



















