Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фондунун полисин алышы керек. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Уметалиева кенен маалымат берди.
Чет өлкөлүк студенттер үчүн камсыздандыруу полиси 11910 сомду түзөт.
-Гүлмира Раимбековна, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттердин саны статистика боюнча канчага жетет?
-Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча, 2023/2024-окуу жылынын башына карата Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 71,7 миң чет өлкөлүк студенттер билим алышууда.
Ал эми Милдеттүү Медициналык Камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыктарынын маалыматына ылайык, учурда чет элдик студенттердин саны (онлайн окуган) – 35860. 2024-жылдын ноябрь айына карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) Полисин сатып алган чет өлкөлүк студенттердин саны 16979 түздү.
Ал эми Эл аралык студенттердин саны 2023-2024 окуу жылдарындагы Кыргызстандын региондорундагы билим берүү мекемелери менен чогуу караганда жалпысынан күндүзгү жана сырттан окуу формалары боюнча студенттердин жалпы саны – 58606 түзсө, ММК Фондунун аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда чет элдик студенттердин саны (онлайн окуган) – 35860
-Камсыздандыруу полиси чет элдик студенттер үчүн эле каралганбы же жергиликтүү студенттер да камсыздандырылышы керекпи?
– Кыргызстандын бардык окуу жайларда окуган 21 жаштан жогору жергиликтүү студенттер да камсыздандырылыш керек, бирок алар үчүн полистин наркы-12 календардык айга 1840 сомду түзөт.
Ушул жерден кошумчалай кетүүчү нерсе, чет өлкөлөрдө билим алып жаткан кыргызстандык студенттер да кайсы өлкөдө билим алып жаткан болсо, ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу полисин алышат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
-Камсыздандыруу суммасы студенттер үчүн кымбат эмеспи жана кандай жеңилдиктер каралган?
-Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жарандарга колдонуу мөөнөтү 12 календардык айга 11910 сом түзөт. Чет өлкөлүк судентттердин ММК полисинин наркы Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан чет элдик жарандардын орточо айлык эмгек акысы боюнча эсептелген.
Камсыздандырылган чет өлкөлүк студенттер үчүн, МКП чегинде төмөнкү медициналык кызматтар жеткиликтүү:
Акысыз:
•Кароо, консультация жана дарылоону дайындоо, анын ичинде инъекцияларды жасоо (шприцтер жана дары-дармектер кирбегенде)
Базалык жана кошумча пакеттерде каралган изилдөөлөрдөн өтүү
•Эмдөө (Улуттук эмдөө жана эпид.көрсөтмө боюнча календардын негизинде)
•Жылына бир жолу медициналык дене текшерүүдөн өтүү
Ошондой эле акысыз медициналык (медосмотр) дене текшерүүлөр кирет.
1. Үй-бүлөлүк дарыгерди/терапевтин кароосу
2. Дерматовенерологдун кароосу
3.Флюрография
4. РМП микрореакциясы (сифилисти аныктоо)
5. ВИЧ/СПИД аныктоочу кандын изилдөөсү
6. Вирустук гепатит “В” аныктоочу кандын изилдөөсү
7. Вирустук гепатит “С” аныктоочу кандын изилдөөсү
Мындан сырткары, амбулатордук деңгээлде камсыздандырылган жарандар жеңилдетилген дары каражаттары менен камсыздалууга укуктуу, үй-бөлөлүк дарыгер тарабынан жазылып берилген электрондук рецепттер боюнча ММК Фонду менен келишим түзгөн дарыканалар аркылуу арзандатуу менен ала алышат.
Стационардык жардам: ММК Полиси бар чет өлкөлүк студенттер камсыздандырылган жарандар катары орточо деңгээлдеги кошумча төлөм төлөшөт: терапиялык профилге: 840сом/1160 сом, хирургиялык профилге: 1090сом/1510 сом.
-Медициналык жактан жеңилдиктер болгон менен жарандар өкмөттүк ооруканалардан эмес, жеке менчик ооруканаларга көбүрөөк кайрылышат. Анын үстүнө дарыканалардын да көпчүлүгү жеке менчик. Анан кантип, студент өзү үчүн бөлүнгөн жеңилдикти бекер ала алат?
-ММК полисин сатып алган чет өлкөлүк студенттер ММК боюнча камсыздандырылган жарандар катары Кыргызстандын өкмөтүнүн 2023-жылдын 21-сентябрындагы №493 токтому менен бекитилген.
“Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча” Мамлекеттик кепилдиктер программасына (мындан ары – МКП) ылайык, амбулаториялык деңгээлде жана стационарларда медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга укуктуу.
Шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам МКП алкагында бардык жарандарга дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоону кошуп алганда бейтаптардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт.
Амбулаториялык деңгээлде базалык пакет акысыз көрсөтүлөт
Буга, профилактика, диагностика, дарылоолор камтылат.
Мындан сырткары ММК боюнча камсыздандырылган жарандар үчүн 40 кошумча лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр (гематологиялык, жалпы клиникалык, биохимиялык, иммунологиялык анализдер), 2 инструменттик изилдөө (флюрография, эзофагогастродуоденоскопия) акысыз көрсөтүлөт.
Ал эми ультра үн изилдөөсү (ички органдар, жамбаш жана бездер) жана рентгенография (көкүрөк клеткасынын, ич көңдөйүнүн органдары, сөөктөр жана жумшак ткандар) баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызматтын баасынан 50% жеңилдик менен жүргүзүлөт.
Ошондой эле, амбулатордук деңгээлде камсыздандырылган жарандар жеңилдетилген дары каражаттары менен камсыздоо укуктуу, үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан жазылып берилген электрондук рецепттер боюнча ММК Фонду менен келишим түзгөн дарыканалар аркылуу арзандатуу менен ала алышат.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева.



















