Стокгольм шаар бийлиги жана анын айланасындагы райондордун тургундарын быйыл жайда Скандинавияда орун алган рекорддук ысыктан улам сууну аз керектөөгө чакырды.
Бул тууралуу Reuters шаардык суу менен камсыздоо кызматынын билдирүүсүнө таянып жазды.
Негизги себеп — эки миллионго жакын адамды ичүүчү суу менен камсыз кылган Меларен көлүндөгү өзгөрүүлөр. Суунун температурасынын жогорулашынан улам аны тазалоо эффективдүүлүгү төмөндөп, керектелүүчү суу көлөмү чектелген.
Жарандарга душ кабыл алуу убактысын кыскартуу, бассейн толтурбоо, бакчага суу чачпоого жана унаа жууудан баш тартууга кеңеш берилди. Суу менен камсыздоо кызматынын билдирүүсүндө: «Ар бир тамчы маанилүү» деп баса белгиледи.
Швед метеорологиялык жана гидрологиялык институтунун климатология профессору Эрик Кьеллстрем:
«Швецияда климатта чоң өзгөрүүлөр болду. Кыш мезгили кыска жана жумшак болуп калды, жай болсо узагыраак жана ысык өтүүдө», — деп билдирди.
Айрым аймактарда быйыл июль акыркы 100 жылдагы эң ысык ай болуп катталды. Өзгөчө өлкөнүн түндүк бөлүгү катуу жабыркады.



















