Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин аппаратынын башчысы Морган Максуини Улуу Британиянын АКШдагы элчиси кызмат ордуна Питер Мандельсондун дайындалышы үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алып, кызматтан кетүү тууралуу арыз берди. Дипломат 2025-жылдын сентябрь айында финансист Джеффри Эпштейн менен байланышы аныкталгандан кийин кызматтан алынганын The Guardian жазды.
Максуининин чечими Питер Мандельсондун соттолгон финансист Джеффри Эпштейн менен узак мөөнөттүү жана жакын байланышта болгонун көрсөткөн кат алышуулар жарыялангандан кийин күчөгөн саясий жаңжалдын жыйынтыгы болду. Ачыкка чыккан материалдар коомчулукта чоң резонанс жаратып, жогорку мамлекеттик кызматтарга талапкерлерди текшерүү тартибине шек жаратты.
Өз билдирүүсүндө Максуини Мандельсондун дайындалышы жаңылыш чечим болгонун жана бул өкмөткө болгон ишенимге зыян келтиргенин моюнга алды. Анын айтымында, жаралган кырдаалда «жападан жалгыз татыктуу жол» — кызматтан кетүү.
«Коомдук турмушта жоопкерчилик эң маанилүү учурларда алынууга тийиш», — деп баса белгиледи ал.
Аппараттын мурдагы башчысы премьер-министр Кир Стармерге толук колдоо көрсөтөрүн билдирип, анын саясий багытын мындан ары да колдоону улантарын айтты. Ошондой эле Максуини Джеффри Эпштейндин курмандыктарын эскерип, негизги мамлекеттик кызматтарга талапкерлерди текшерүү системасын терең реформалоого чакырды.
Питер Мандельсон 2025-жылдын 11-сентябрында Улуу Британиянын АКШдагы элчиси кызматынан четтетилген. Буга анын Эпштейн менен жеке кат алышуулары жарыяланып, анда ал Эпштейнди «эң жакын досум» деп атаганы себеп болгон.
3-февралда Британ полициясы Мандельсондун Эпштейнге жашыруун өкмөттүк маалыматтарды өткөрүп бериши мүмкүн деген маалыматтардан кийин иликтөө ишин баштады. Укук коргоо органдары мурдагы элчи кармалбаганын, бирок тергөө алкагында анын резиденцияларында тинтүү жүргүзүлгөнүн такташты.



















