Улуу Британиядагы эң ири автосервис компаниясы RAC (Royal Automobile Club) өлкөдөгү май куюучу жайларда дизелдик күйүүчү майдын орточо баасы бир литрине 199,18 пенске (2,64 доллар) жеткенин билдирди.
Бул көрсөткүч 2022-жылдын июнь айында катталган мурдагы рекорддук деңгээлден ашты. Анда бир литр дизелдик отундун баасы 199,09 пенс болгон.
Компаниянын маалыматына караганда, күйүүчү майдын дүйнөлүк жеткирүүсүндөгү үзгүлтүктөр, анын ичинде Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш, ошондой эле АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу Улуу Британияда дизелдин кымбатташына алып келген факторлордун бири болгон.
RAC компаниясы күйүүчү майдын кымбатташы транспорттук чыгымдардын өсүшүнө, анын артынан товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын жогорулашына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.
Ошол эле учурда, бир литр бензиндин баасы 174,13 пенске чейин көтөрүлдү, бул Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын башталышына караганда 41 пенске көп.
Белгиленгендей, үй-бүлөлүк унаага орточо май куюу баасы дээрлик 110 фунтка жеткен, бул Ирандын айланасындагы эскалациянын башындагы мезгилге караганда 31 фунтка көп. Компания жазга чейин күйүүчү майга салык жеңилдиги жокко чыгарылса, бензин куюучу жайдагы баалар литрине дагы 5 пенске көтөрүлөт деп болжолдоодо.
“Бул айдоочуларга гана эмес, дизелдик жүк ташуучу унаалар жана фургондор менен жеткирилген товарларды же кызматтарды сатып алгандардын баарына да таасирин тийгизет. Албетте, чыгымдардын көбөйүшү керектөөчүлөрдүн моюнуна жүктөлөт”, – деп айтылат билдирүүдө.


















