7-апрель, түнкү саат 23:03 чамасында Стамбулдагы «Йенибосна» метро станциясынын жанында жарылуу болуп, андан кийин өрт чыккан.
Бул маалыматты РИА Новости жарыялады.
Маалымдалгандай авариядан кийин кошуна үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлүп, айрымдарында генераторлор күйгүзүлгөн.
Өрт М1 линиясынын жер үстүндөгү метро станциясынын ишине таасирин тийгизген эмес.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр саат 23:25те өрттү өчүрүшкөн. Окуянын келип чыгуу себептери такталууда.


















