Саламаттык сактоо министрлиги кызамык оорусунун коркунучу тууралуу айтып, илдеттин белгилерин атады.
Быйыл Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык менен ооруган 1704 учур катталган. Бишкек менен Чүй облусунда илдетти жуктуруп алган үч жана бир жаштагы бөбөктөр көз жумган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, эки учурда тең балдар эмдөөдөн өткөн эмес, ата-энелер диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартышкан.
Кызамык бир жылда 100 миңдей адамдын өмүрүн алат
Кызамык – жугуу деңгээли жогору болгон курч инфекциялык вирустук оору. Бул вирус жөтөлгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Кызамык менен чоң адамдар да, балдар да ооруп калышы ыктымал.
✔️ Вирусту жуктурган адамда оорунун белгилери пайда болгон учурдан баштап, денеге исиркектер чыкканга чейин эле ал адам ооруну башкаларга жуктурушу мүмкүн экенин билүү маанилүү.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, кызамык бир жылда 100 миңдей адамдын өмүрүн алып кетет жана алардын басымдуу бөлүгү – балдар.
Инкубациялык мезгил орточо 7 күндөн 21 күнгө чейин созулат. Оору суук тийгенде жана сасык тумоодо болчу белгилер менен башталат: адам өзүн алсыз сезет, мурду бүтөт, жөтөлөт, дене табы көтөрүлөт. Мына ушул белгилерден кийин гана денеде исиркектер пайда болот, адегенде моюнга жана бетке чыгып, андан соң бүт денеге тарайт.
Кызамыктын кесепеттери коркунучтуу
Кызамык оорусунун кесепеттери коркунучтуу: өпкөнүн, мээнин, көздүн сезгениши сокурлукка алып келиши мүмкүн. Оор учурларда бул оору адамдын өмүрүн да алып кетет.
✔️ Кызамыкка, эпидемиялык паротитке жана кызылчага каршы эмдөө Кыргызстандагы эмдөө календарына киргизилген. Вакцина 12 айлык жана 6 жаштагы балдарга жасалат. Баланы ушул ооруларга каршы эмдөө менен, ата-эне баланы олуттуу жана күтүүсүз кесепеттерден коргоп кала алат. Вакцина менен алдын алуу иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.