Бүгүн, 30-августта кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча “Айкөл” иш-чарасы өткөрүлдү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, КР президентинин жана министрлер кабинетинин тапшырмаларына ылайык, Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жарандары алынып келинди.
Алардын 31и аялзаты, ал эми 64ү жашы жете элек балдар.
КР жарандарын Сириядан репатриациялоонун экинчи этабынын ийгиликтүү ишке ашыруусу тышкы саясат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын макулдашылган өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашты.

Кыргыз тарап АКШ өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле, БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет.
Мындан тышкары, Кыргызстандын министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык КР делегациясы аталган миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жашап турган калкынын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектерди жеткиришип, гуманитардык жардам көрсөттү.
Белгилей кетсек, буга чейин күч органдары 2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганы, алардын ичинен 200дөй адам каза болгону тууралуу жана кеткендердин 150гө жакыны аялдар экени расмий кабарлаган.
Кыргызстандык балдарды Ирактан кайтаруу боюнча биринчи “Мээрим” атайын операциясы 2021-жылдын март айында жүргүзүлгөн.
Анда мекенине кайтарылган 79 баланын 50ү мектеп жашында, 17си бала бакча жашында, 12си 2-3 жаштагылар. Алар адистердин катышуусу менен эки айлык реабилитациядан кийин Кара-Балта шаарына, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Ош шаарына жакындарынын колунда тарбияланууга өткөрүлүп берилген.
Акыркы жолу ушул жылдын 16-февралында “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинген. Алар Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексине жайгаштырылган.




















