Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

“Сибирь кыргыздарынын беги Эренек” китебин чыгарган Козодой эмгегине сын айткандарга жооп берди

  • Интервью, ТОП жаңылыктар
  • 23.01.2024 13:18

Loading

Орусиялык тарыхчы, тарых илимдеринин доктору Виктор Козодой кыргыз тарыхын изилдеп, “Сибирь кыргыздарынын беги Эренек” китебин чыгарганы көпчүлүккө маалым. Анын эмгектерине кыргызстандык айрым тарыхчылар сын-пикирлерин айтышкан. Ага Виктор Иванович кандай жооп берээрин сурап, микрофон сундук.

– Саламатсызбы Виктор Иванович! Бизге интервью берүүгө макул болгондугуңуз үчүн ыраазычылык айтам. Анда суроолорго өтө берели. Эмне үчүн Кыргызстандагы айрым тарыхчылар Сиздин эмгекке сын көз менен карап жатышат? Мисалы, тарыхчы Т.Чоротегин: “Тарых эч качан бир жылда биротоло жазылбайт”,-деди. Ал эми дагы бир тарыхчы С.Смадияров “Козодой Эренекти биринчи ачкан адамдардан эмес”,-деген сыяктуу сынын айтты. Дагы башкалары Сизди “ал тарыхчы эмес, политтехнолог”,-дешти. Мунун негизги себеби эмнеде болуп жатат?

– Саламатчылык. Сиз абдан туура белгиледиңиз. Биринчиден, сын кээ бир тарыхчылардан эле эмес, конструктивдүү мамиледе болгон түркологдор менен теологдордон да чыгып жатат. Албетте, бул кадыресе көрүнүш. Ал эми Сиз айткан сынчыларга келсек, аларда конструктивдүү сын жок экенине көңүл бурушубуз керек. Китебим жарык көргөнүнө бир нече ай болгонуна карабай, мазмундуу сын болбоду. Ал эми китептин өзүнө келсек, ага сындар дээрлик болгон жок десе да болот. Бул биринчи кезекте тиги сынчылардын талаптагыдай кесипкөйлүк даярдыктарынын жоктугу жана материал тууралуу кенен маалыматынын аздыгы болуп калды. Ошондуктан мен бул “сындарды” жумуштун өзүнө эмес, мына ушул маселенин айланасында деп айтаар элем.

Тема боюнча

Окуу китептери эмнеге базарда сатылууда? Министр менен “Учкундун” жообу

Окуу китептери эмнеге базарда сатылууда? Министр менен “Учкундун” жообу

18.09.2026

Сиз Чоротегин мырзаны мисалга келтирдиңиз, бирок мен бул китептин үстүндө канча убакыт иштегенимди Чоротегин мырза кайдан билет? Ал мен канча иштегеним тууралуу маалыматы жок жана билбейт дагы деп айта алам. Экинчиден, илимпоздун кайсы бир монографиясынын же илимий эмгегинин баалуулуктары канча убакытта аткарылганы тууралуу качантан бери баалана баштады эле? Мындай критерий эч качан болгон эмес, андай болбойт дагы. Иштин баары мазмунуна жараша бааланат. Аны бүтүрүүгө канча убакыт кетти, алты айбы же бир жылбы, 5 жылбы, 10 жылбы. Бул маанилүү эмес.

Бирок алар мазмуну жөнүндө эч нерсе таба албай калганда, кандайдыр бир манипуляция жасап жатышат. Негизи мен Сибирдин тарыхын көп жылдардан бери изилдеп келем. Ал эми “Эренектин” өзгөчөлүгүнө келсек, чындыгында аны менен бир жылдан ашыгыраак убактан бери иштеп келем, Бирок ага чейин даярдыктар жүрүп эле аткан. Баары алда канча көп болот жана Сиз чындап мазмунду карап жаткандайсыз. Маселе Чоротегин мырзанын тиешелүү даярдыгы жоктугунда болуп жатат. Анын эмгектерин карасаң, Сибирь кыргыздарынын тарыхы боюнча эч нерсе жок. Ага баа берүү кыйын. Ал эми акыркы эмгектери бир нече жылдар мурун жарык көргөн, ошентип чеберчилик жоголгон. Мунун баары тез эле калыбына келе калбайт. Ошондуктан, ал жөндөмдүү эместигин далилдеп, жаныңда туруп алып “чукуй” баштайт.
Ал эми экинчи айтылган Смадияров мырзанын мисалына келсек, бул анча деле олуттуу эмес. Анткени, илим – ким биринчи чуркап келерин аныктаган спорт эмес экенин баары билишет. Илим – илимий далилге умтулуу, эмгекте жаңы билимдин көбөйүшү негиз болуп, анда жаңы билим барбы, же жокпу маселе ошодо жаралат. Ал эми Смадияров мырза так эмнени каалап, эмнени айткысы келди ошого көңүл бурушубуз керек. Маселе биринчи ким айтты эмес, ким кандай айтты деген суроого токтолсок туура болот. Мен ал кандай доомат экени тууралуу эч качан айткан эмесмин. Ал эми менин эмгегимдин 14-15-беттеринде, «Эренек» деген ысымды ким атаса, ошолордон баарынын эмгектерин атадым. Бул нормалдуу көрүнүш, муну тарыхнаама деп коет. Дагы кимди атаса болот эле? Эмнеге?

Буга чейин “Эренек” жөнүндө жазылгандар жөн эле илимий макалалар болчу, демек алар даярдык иштери болчу. Бул тууралуу баары билишет. Бирок мен китеп кылып чыгардым да. Бул китеп “Эренек” тууралуу дүйнөдөгү биринчи китеп болуп атпайбы.

Дагы бир жагдайды айта кетиш керек: кимдир-бирөө биринчи же экинчи же онунчу дегенди айтканы эмес, кайра эле мазмуну, айтылган сөзү маанилүү экенине көңүл бурушубуз керек. Дагы бир жолу айта кетейин, Смадияров мырза, белгилүү бир профессионалдык маалыматтардын жоктугунан буга баа бере албады окшойт. Маселен, илимдин доктору Бутанаев мырза, чындыгында, Эренек Хакасиянын улуу князы экенин көрсөтүп, макала жазган. Бирок мен тарыхый материалдарга таянып, Эренек хакас эмес, кыргыз беги деп такыр башка маселени көрсөтүп чыктым. Бирок, эмнегедир Смадияров мырза муну өжөрлүк менен байкабай жатат, же байкагысы келбей, балким, байкай албай жатса керек деп ойлойм.

Эми “саясий технолог” менен “тарыхчынын” маселесине келели. Ооба, бул “оппонент” дегендер тарабынан жасалган жакшы эмес аракет, анткени же башкалар түшүнбөйт, же атайын жасалма бут тосуубу, билбейм. Анткени бул эки сөз таптакыр башка маселелер. “Саясий технолог” жөнөкөй жумуш болсо, тарых – бул илим, илимий жумуш. 40 жылдык эмгек жолумда жана иш тажрыйбамда мен көптөгөн адистиктерге ээ болдум жана өзүм иштеген жерде көптөгөн жумуштарды аткардым. Мисалы, мен заводдо механик болуп иштей баштагам. Ал жердегилер тарыхты механик жазат деп ойлошконун элестетиңиз. Балким, бул нерсе алар ойлогондон да мыкты болмок.

– Демек сиз “саясий технолог” эмес экенсиз да, э?

– Мен “саясий технология”, тагыраагы, коомчулук менен байланыш боюнча PR-адиси тууралуу айтып берейин. Мен чындыгында көп убакыт PR-адиси болуп иштегем. Анын үстүнө PR-адиси катары университеттерде лекцияларды да окудум. Ал эми бул маселеге келсек, “PR” жана “Саясий технологиялар” 2 бөлүктөн турган. Мен бул иш менен чындап эле көпкө алектендим. Россияда PR иш-аракеттери толугу менен мыйзамдуу, уруксат берилген иш болуп саналат, ал тургай, өздөрүнүн кесиптик майрамы да бар.

PR менен алектенүүнүн көптөгөн артыкчылыктары болду. Биздин кардарлар кийин губернатор, мэр, ири ишкер, илимпоз, анын ичинде ишканалардын жетекчилери болгонго да жетишкен. Бул абдан чоң коммуникация, менеджер катары ал компаниянын кандайдыр бир түрүн жүргүзүү үчүн көп иштерди, ондогон, ал тургай жүздөгөн адамдарды уюштурган. Эң негизгиси, бул киреше мага башка нерселер менен катар тарыхты окууга да жардам берди. Анын арты менен акча таап, ушул мезгилде мен көп изилдөөлөрдү жүргүздүм. Дал ушул мезгилде мен Омскиден Читага чейин көптөгөн архивдерди кыдырдым, Сибирде чоң изилдөөлөрдү жүргүздүм. Бул аябагандай чоң аймактар, дээрлик 3 миң километр. Москвада кандидаттык, андан соң докторлук диссертациямды жактадым. Ошондуктан, мен эл эмнени айткысы келерин такыр түшүнбөйм. Ооба, иштедим, көп жерлерде иштедим, бирок менин тажрыйбамдын конструктивдүү илимий сынга же илимий диалогго эч кандай тиешеси жок болуп атпайбы.

Ушунча убакыт өтсө да, илимий иште конструктивдүү талкуу жок, кандайдыр бир жекеликке өтүү болуп, кемсинтүүлөр, көлөкө түшүрүү аракеттери жүрүүдө. Бирок булар мени таптакыр кызыктырбайт, жөн гана чабуулдар болууда, анын мен жасап жаткан илимге такыр тиешеси жок.

– Жогоруда айтканыңыздай, Сиз “Эренек” китебин бир жылдан ашык убакта жазып бүтүрүпсүз. Бирок ага кандай эмгектер талап кылынды?

– Канча убакыт жана эмгек? Эгерде мен тарых факультетин мындан 30 жыл мурун бүтүп, тарыхчы болбогонумда, бул китепти эч качан жазбайт элем. Эгерде мен кандидаттык диссертациямды, андан кийин докторлук диссертациямды коргобогонумда да бул китепти жазбайт болчумун. Анткени, мен илимий изилдөөлөрдү кантип жасоону билмек эмесмин, анда муну да кантип жасоо керектигин билбей кала бермекмин. Эгерде мен мурда Букерсов, Буханов жөнүндө китеп жазбасам, бул иштин кандайча жасалганын да билбесем, анда мен бул китепти жазмак эмесмин. Эгерде мен ондогон жылдар бою, ондогон архивдерди кыдырбай, архивдик иштин, изилдөөнүн ыгын, талаптарын түшүнбөй туруп, так ошондой позициядан жазбасам, балким, бул китепти эч качан жазбайт элем.

Эмне үчүн башка тарыхчылар тарыхий инсандардын “Эренектикиндей” тарыхий фактылардын көрүп, анын окуяларын, согуштук стратегияларын, партизандык отряддарынын тактикасын, саясий өз ара аракеттенүүлөрүн жазышса болот. А менде деле ушундай тажрыйба бар дедим да, аны колдондум.

Китептин текстин жазууга бир жылдан бир аз ашыгыраак же 1,5 жылдан да ашык убакыт кетти окшойт. Анткени 3 жылдай мурун мен Сибирдин тарыхы боюнча мазмундуу материалдарын максаттуу чогулта баштагам. Биринчи тому «Орустарга чейинки Сибирь», деп аталып, бул Ермактын жортуулуна чейин болчу. Ал иштердин аткарылышына көп убакыт корогон, тактап айтканда, маалымат чогултууга 1 же 1,5 жылдай убакыт кеткен. Мына ушундай убакыт кеткен. Бирок мен дагы бир жолу айтам, «Эренек» бек тууралуу мындай маалыматтарды ондогон жылдар бою топтобогондо, бул иштин баары пайдасыз болмок. Фейсбуктан бир маалымат чыгып, аны окуп алып эле сага чындык ачылып калгандай эмес да.

– Сиз китебиңизде “Энисей кыргыздары” деген түшүнүктү кеңейтип, “Сибир кыргыздары” деген түшүнүктү киргизип атам депсиз. Ушул боюнча токтолсоңуз?

– Ооба, мен дагы ушундай тактоо керек деп ойлойм. Мен тарыхчы катары, Кыргызстандын тарыхын, тагыраак айтканда, кыргыздардын тарыхын максаттуу изилдебейм, мен өзүм чыккан Сибирдин тарыхы менен алектенем. Мени кызыктырган теманы – цивилизациялык тарыхка айланган мамлекеттин тарыхын, Сибирь кыргыздары буга чейин ээлик кылган цивилизацияны изилдейм. Ал жерде мен эч нерсени оңдоого же өзгөртүүгө укугум жок. Ошондуктан булар менин негизги сөздөрүм: “мамлекеттүүлүк тарыхы”, “Сибирь”, “Сибирь кыргыздары”. Анын үстүнө сибирь кыргыздары өзүнчө этнос эмес, Сибирь кыргыздары менен Тянь-Шань кыргыздары бир элдин, кыргыз элинин эки бутагы.

– Сиз менен жолукканда кыргыз тарыхчылары орусиялык архивдерди көп карашпайт экен дедиңиз эле. А Сиз муну эмнеге негиздеп айткансыз?

– Архив жана кыргыз тарыхчыларына келсек, мен муну эмненин негизинде айтып жатам? Мен ал жерде кандайдыр бир доомат катары айткан эмесмин, бул кандайдыр бир объективдүү чындыктын чагылышы десем болот. Мен архивде көп иштейм, абдан көп иштейм. Жакында эле ушул жана мурунку китептин негизинде Россиянын архивинде иштеп жүргөнүмдө, архивдегилерден: “Сиздерде көбүнчө кимдер келип иштейт, Новосибирсктен келеби?”,-деп сурачумун. Биздин новосибирскилик кесиптештерибиздин ортосунда кичинекей “конкуренциябыз” бар. Алар мага: “Жок, алар келбейт”,-деп жооп беришти. Анан Кыргызстандан да эч ким барбаганын, эч кимди эстей албаганын айтат? Бул жеке тажрыйбага негизделип айтылган сөз.

Мен түшүнөм, азыр илим жасоо деле абдан кымбат болуп калды, өзгөчө жаш адистер үчүн. Москвага же Санкт-Петербургга же башка жактагы архивге баруу үчүн жол кире, жатакана, тамак-аштын баарына каражат кетет. Анан архивде иштөө үчүн ал жерде жок дегенде бир жума иштеш керек. Ошондуктан, адамдардын баары эле аны көтөрө албайт. Анан алар архивде иштөөнүн ордуна, бири-биринен шилтемелерди уурдап же бир нерселерди ойлоп таба башташат.

Мисалы, былтыры бир профессор мага асыла берди, асыла берди. Анан мен анын Москвадан алынган эмгектерин карап чыгайын дедим. Анын монографиясында кандайдыр бир шилтемелер бар экенине карабай, алар келтирген булактарга жылдары туура келбейт же архивде отуруп иштегени тууралуу маалыматтар туура келбейт. Акыры анын эмгектери же уурдалган маалымат же ойлоп табылган шилтеме деген бүтүм чыкты. Бул да өтө олуттуу маселе, эмне үчүн мындай кылышат, ким үчүн жасашат, бул да түшүнүктүү. Бирок андай адистерге ишеним жок, тескерисинче, алар бир жерден жаркырап чыгып келишип, бирдемелерди айта башташат.

– “Эренектен” кийин “Сибир кыргыздарынын тарыхы” тууралуу китеп жазып жатканыңызды айттыңыз эле. Бул жаатта кандай иштер жасалып жатат? Китеп качан жарыкка чыгат?

– Чынында китеп Сиз айткандан башкача аталат: “Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы жана мамлекеттүүлүгү. Б.з.ч. 3-кылымдын аягы,18-кылымдын башы» деп аталат. Анда бир нече негизги темалар жана суроолор камтылат. Ал жерде мен Сибирь кыргыздарынын Сибирь цивилизациясын далилдейм. Бул бүтүндөй элдин эмес, конкреттүү мамлекеттүүлүктүн тарыхы болот. Ал эми мен ал жерде 19-кылымдагы мамлекеттүүлүктүн тарыхын көрсөтөм, анткени анын келип чыгышын далилдей турган жумушчу вариант бар.

Мен эскертип коеюн: мен кайсы бир этностун тарыхын изилдебейм. Бул маселе, балким, зарыл жана маанилүү болушу мүмкүн, балким, бул тема боюнча көптөгөн башка адистер бардыр, анын үстүнө, этнология тарыхы көп суроолорго жооп бербейт деп эсептейм. Мен Сибирь менен Сибирь кыргыздарынын тарыхына бир аз башкача көз караш менен карайм. Анткени мен бул тарыхты окуй баштаганда эле бир мамлекет эмес, өзүнчө бир жергиликтүү бүтүндөй цивилизация бар экенин жана ал уникалдуу экенин түшүнгөм.

Мен көп нерселерге көңүл бурбай, иштей берем. Мени эч ким токтото албайт жана андай кылууга мүмкүнчүлүктөрү да жок. Мени токтотуп коюуга алардын күчү, акылы же билими да жетпейт. Бул бүтүндөй уникалдуу цивилизация болгон. А мен муну далилдейм, ал үчүн менде көптөгөн далилдер бар.

Буга чейин мен поезд, учак, машиналар менен жана жөө да жүрүп, 35 миң километрден ашык жолду, 23 шаарды басып өттүм. Акыры мен аларды санабай да калдым. Менин алдымда дагы көп иштер бар. Албетте, мен бул жумушту ушул жылдын аягына чейин бүтүргөнгө аракет кылам, бирок анын кандай болорун биле албайм. Тема өтө олуттуу болгондуктан, бир аз өнүкпөй, абдан чырмалышып калган. Бирок аны чечип көрсөтүшүп керек.

– Рахмат маегиңизге.

Маектешкен: А. Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Виктор КозодойкитепСибирь кыргыздарысын-пикиртарыхЭренек
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Окуу китептери эмнеге базарда сатылууда? Министр менен “Учкундун” жообу

Окуу китептери эмнеге базарда сатылууда? Министр менен “Учкундун” жообу

18.09.2026
Он жылдык мораторий Кыргызстандын тарыхый имараттарын жоголуп кетүүдөн сактай алабы?

Он жылдык мораторий Кыргызстандын тарыхый имараттарын жоголуп кетүүдөн сактай алабы?

03.08.2026
Иран менен Италия Персеполдун байыркы дарбазаларын калыбына келтирүүгө киришет

Иран менен Италия Персеполдун байыркы дарбазаларын калыбына келтирүүгө киришет

03.08.2026
Бишкекте кыргыз тилинде басылган “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” китебинин бет ачары болду 

Бишкекте кыргыз тилинде басылган “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” китебинин бет ачары болду 

22.07.2026
Өзбекстанда абакта китеп окугандардын жаза мөөнөтүн кыскартуу тартиби бекитилди

Өзбекстанда абакта китеп окугандардын жаза мөөнөтүн кыскартуу тартиби бекитилди

16.06.2026
Иран Казакстанга баалуу байыркы кол жазмалардын көчүрмөлөрүн тапшырды

Иран Казакстанга баалуу байыркы кол жазмалардын көчүрмөлөрүн тапшырды

11.12.2025

Азирет Алинин изи калган делген Кадамжай тууралуу тарыхчы эмне дейт

26.11.2025
Бишкекте Ч. Валихановдун 190 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болду

Бишкекте Ч. Валихановдун 190 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болду

31.10.2025
Иранда “Ыйык коргонуу жумалыгы” башталды. Иран-Ирак согушуна арналган музей. Сүрөт

Иранда “Ыйык коргонуу жумалыгы” башталды. Иран-Ирак согушуна арналган музей. Сүрөт

24.09.2025

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.