30-октябрда Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы Кимхэ авиабазасында Кытай менен АКШ лидерлеринин жолугушуусу аяктады. Ал болжол менен 1 саат 40 мүнөткө созулганын Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.
“Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түштүк Кореянын Пусан шаарында 30-октябрда жолугушту. Кытай менен АКШ лидерлеринин болжол менен 1 саат 40 мүнөткө созулган жолугушуусу жыйынтыкталды”, — деп телеканалдын маалыматында айтылат.
Жолугушуунун башында америкалык лидер кытайлык кесиптешин жылуу тосуп, Пекин менен Вашингтон көптөгөн маселелер боюнча мунасага келгенин жана бул иш саммиттин жүрүшүндө да уланарын белгиледи.
“Бизде кээ бир талкуулар болот. Көп нерселер боюнча буга чейин эле макулдашканбыз, дагы айрымдар боюнча азыр да макулдашабыз”, — деди АКШнын президенти Дональд Трамп.
Трамп Кытай менен соода келишими ушул жолугушуунун жыйынтыгында кол коюлушу мүмкүн экенин да четке каккан жок. Ошол эле учурда Ак үйдүн башчысы Си Цзиньпин менен ар дайым жакшы мамиледе болгонун айтты.
“Төрага Си — улуу өлкөнүн улуу лидери. Биздин мамилелер узак убакыт бою жакшы нукта уланарына ишенем”, — деди Трамп.
Ошол эле маалда Трамп Кытайдын төрагасын “татаал сүйлөшүүчү” деп атады.
Өз кезегинде Си Цзиньпин Кытай менен АКШ бири-бирине жардам берип, ийгиликке жана гүлдөп-өсүүгө жетише аларын белгиледи. Ал көп жылдан бери Кытай менен АКШ өнөктөш жана дос болушу керек деген көз карашын ачык карманып келгенин эске салды.
Кытай лидери ошондой эле Кытай Эл Республикасынын өнүгүүсү Трамптын “Американы кайра улуу кылуу” максатына каршы келбесин билдирди.
“Мен президент Трамп менен кызматташууну улантууга, Кытай–АКШ мамилелеринин бекем пайдубалын түптөп, эки өлкөнүн өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярмын”, — деди ал.


















