Кытай кандай гана деңгээлде өнүгүп, канчалык күчтүү болбосун, башка өлкөлөр үчүн эч качан коркунуч жаратпайт.
Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Пекин шаарында Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен болгон жолугушуусунда билдирди.
«Кытай канчалык өнүккөн жана күчтүү болбосун, башка мамлекеттер үчүн коркунуч жаратпайт», — деди Си Цзиньпин. Анын сөздөрүн Кытайдын Борбордук телеканалы таратты.
Ал мамлекеттер ортосундагы өз ара ишеним туруктуу жана узак мөөнөттүү мамилелердин негизи экенин баса белгиледи.
«Кытай ар дайым тынч өнүгүү жолун карманып келген, эч качан согуш баштаган эмес жана башка бир да өлкөнүн жеринин бир карышын да басып алган эмес», — деп кошумчалады КЭР төрагасы.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер кызматтагы алгачкы сапары менен Кытайга 28-январда келген. Бул ошондой эле британ өкмөт башчысынын сегиз жылдан берки өлкөгө болгон биринчи сапары. Стармердин сапары беш күнгө созулат. Аны менен бирге бизнес жана соода боюнча мамлекеттик катчы Питер Кайл жана Казыначылыктын экономика боюнча мамлекеттик катчысы Люси Ригби да келди. Британ делегациясынын курамында ошондой эле 54 бизнес өкүлү бар.



















