Швеция бийлиги 26 ирактык жаранды күч менен өз өлкөсүнө депортациялады.
Бул тууралуу өкмөттүк булактарга таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Депортациялангандардын учагы Багдадга учуп кеткени белгиленет. Учактын бортунда түндүк өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да бар.
“Бул 2012-жылдан бери Швециядан Иракка күч менен депортациялаган биринчи учур”, – деп айтылат маалыматта.
Өлкөдөн чыгарылган айрым ирактыктардын адвокаты мажбурлап депортациялоолордун артында эмне турганын эки өлкөнүн бийликтери түшүндүрүп бериши керек деген.
Эске салсак, 28-июнда Орозо айттын биринчи күнү Швеция полициясы Стокгольмдун башкы мечитинде Куран өрттөлгөн акцияга уруксат берген. Анда ирактык мигрант Курандын барактарын айрып, алар менен бут кийимин сүртүп, анан китепти өрттөп жиберген. Ирак Швециянын бийликтеринен бул иш-аракетти жасаган иммигрантты жоопко тартуу үчүн анын экстрадицияланышын талап кылган.
Курандын өрттөлүшүн бир катар өлкөлөр айыптап, кээ бирлери Швециянын элчилерин чакырып, аларга нааразылык нотасын тапшырышкан.