Швейцариянын бийликтери АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин Украина боюнча сүйлөшүүнү чечсе, жолугушууну уюштурууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Швейцариянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Николас Бидо Le Temps гезитине билдирди.
Дипломат Швейцария АКШ менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусун алар өздөрү суранса, өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
“Бюргеншток саммитинен кийин биз Украинага, Орусияга жана АКШга тынчтыкты орнотууга салым кошо турган бардык дипломатиялык аракеттерди колдоого даяр экенибизди такай билдирип келебиз”.- деди ал.
Буга чейин Трамп учурда анын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусуна даярдыктар жүрүп жатканын билдирген.
Шайлоо өнөктүгү учурунда Трамп 20-январдагы инаугурациядан кийин 24 сааттын ичинде согушту токтотууга бир нече жолу убада берген. 10-январда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Путин эч кандай шартсыз Дональд Трамп менен жолугушууга ачык”.- деп билдирди.


















