Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен Ирандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери кечээ, 28-июнда телефон аркылуу сүйлөшүп, аскердик чөйрөдөгү байланыштарды өнүктүрүү ниетин ырасташты.
Россиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, тарапта эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык, аймактык коопсуздук жана эл аралык кырдаалды талкуулашкан.
“Бүгүн Россия Федерациясынын Коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу Иран Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, дивизиялык генералы Мохаммад Багери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктык актуалдуу маселелери талкууланды. Аймактык коопсуздук жана эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар диалогду тереңдетүү жана коргонуу тармагындагы байланыштарды өнүктүрүү ниетин ырасташты”, – деп айтылат маалыматта.
Багери Шойгуну Иранга келип кетүүгө чакырганын Tasnim агенттиги билдирди.
Эске салсак, 27-июнда Ирандын укук коргоо күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Ахмад-Реза Радан эки күндүк расмий сапар менен Россияга келип, Москвада РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен жолуккан.
Ирандык генерал россиялык жана ирандык укук коргоо органдары бири-бири менен тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирген.
Ал эки өлкөнүн полиция күчтөрү баңги заттарына, терроризмге жана уюшкан аткезчиликке каршы күрөшүүдө чоң тажрыйбага ээ экенин белгилеген.