Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

ШКУнун саммити. Ооганстандагы кырдаал ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизеби?

  • Башкы жаңылыктар
  • 05.07.2023 09:21

Loading

Бүгүн, 4-июлда, Нью-Делиде видео-байланыш режиминде өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында Ооганстандагы кырдаал тууралуу да сөз болду.

Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышууда.

Кыргызстан Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар

Тема боюнча

Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

16.11.2026

Коопсуздук маселелерине токтолгон президент Садыр Жапаров ооган көйгөйүн көңүл сыртында калтырбоого чакырды.

“Кыргызстан үчүн, биздин досторубуз сыяктуу эле, Ооганстандагы тынчтык жана туруктуулук – аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы артыкчылыктуу шарттардын бири болуп саналат. Кыргызстан ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр жана Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар”, – деди мамлекет башчысы.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров Ооганстандын ички иштерине кийлигишпөө принцибине берилгендигин белгилөө менен Кыргызстан ооган элинин тарыхый тажрыйбасынын, маданиятынын, каада-салттарынын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн негизинде өз өлкөсүнүн келечегин аныктоо укугун сыйлайт деп баса белгиледи.

Путин: Ооганстандагы кырдаалды курч бойдон калууда

Ооганстандын аймагында кырдаал дагы эле курч бойдон калууда, деди Россиянын президенти Владимир Путин.

Ал ооган темасы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдүн көңүл борборунда экенин белгиледи.

“ШКУ салттуу түрдө Ооганстандагы кырдаалга көңүл бурат. Кесиптештер бул туурасында жогоруда айтышты. Тилекке каршы, кырдаал курч бойдон калууда”, – деди Путин.

Анын айтымында, антитеррор, экстремизмге жана диний радикализмге каршы аракеттенүү, баңги аткезчилигине жана аткезчиликтин башка түрлөрүнө бөгөт коюу, бандиттик түзүмдөр менен күрөшүү ШКУнун артыкчылыктуу багыты бойдон калышы керектигин билдирди.

Моди: Ооганстандагы кырдаал ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизет

Ооганстандагы кырдаал Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн коопсуздугуна таасирин тийгизип жатканын Индиянын премьер-министри Нарендра Моди билдирди.

“Ооганстандагы кырдаал биздин бардык элдерибиздин коопсуздугуна таасирин тийгизет. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн көбү Индиянын Ооганстанга байланыштуу тынчсыздануусун жана күтүүлөрүн тең бөлүшөт. Биз Ооганстандын элине жардам берүү үчүн биргелешип аракет кылышыбыз керек”, – деди премьер-министр.

Токаев: Ооган элине жардам берүүнү улантуу маанилүү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ооганстандагы азыркы кырдаалга токтолуп, ооган элине БУУнун колдоосу астында жана координациялоочу ролу менен жардам берүүнү улантуу маанилүү деп эсептеди.

Ал Алматыда Борбор Азия жана Ооганстан үчүн Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча БУУнун Регионалдык борборун түзүү боюнча биздин демилгебизге дагы бир жолу көңүл бурууну сунуштады.

Рахмон Ооганстандагы баңгитрафигин коркунучтуу деп атады

Ооганстан аймагынан баңгитрафигинин масштабы коркунучтуу динамикага жетти, бул тенденцияга каршы туруу уюмдун негизги милдеттеринин бири болуп калуусу керек, деди Рахмон.

Анын айтымында, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жаңы тиешелүү түзүмүн түзүүнү эске алуу менен ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча комплекстүү иштер улантылышы керек.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Тажикстанда 4,1 тоннага жакын баңги заты алынганы маалымдалган. Негизги канал Ооганстан болуп саналат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: коопсуздукОоганстанСаммитШКУ
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

26.11.2026
Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

16.11.2026
Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

29.10.2026
Резаи: Батыш Азиядагы коопсуздукка тышкы кийлигишүүгө жол берилбеши керек

Резаи: Батыш Азиядагы коопсуздукка тышкы кийлигишүүгө жол берилбеши керек

27.10.2026
ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

22.10.2026
Пезешкиан: Америка Иран элинин укуктарын таанышы керек

Пезешкиан: Америка Иран элинин укуктарын таанышы керек

22.10.2026
Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

19.10.2026
Лавров: Радикалдар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга жана Россияга коркунуч жаратууну көздөшүүдө

Лавров: Радикалдар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга жана Россияга коркунуч жаратууну көздөшүүдө

16.10.2026
Россия менен Ооганстандын чалгын кызматтарынын жетекчилери Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Россия менен Ооганстандын чалгын кызматтарынын жетекчилери Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

16.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.