ШКУнун бирдиктүү валютасын киргизүү тууралуу маселе күн тартибинде жок, бирок улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү боюнча жол карта иштелип жатат
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү боюнча жол карта иштелип жатат. Бул туурасында ШКУнун башкы катчысынын орун басары Григорий Логвинов “Беларусь 1” каналынын эфиринде билдирди.
“Олуттуу жана конкреттүү иштер жүргүзүлүп жатат”, – деди ал.
Анын айтымында, улуттук валютага өтүү процесси оңой эмес. Себеби, доллар резервдик дүйнөлүк валюта катары, анын ичинде улуттук валюта системаларында өтө терең калыптанып калган.
Доллардан толук баш тартуу үчүн, Логвиновдун айтымында, алдыда дагы көп нерсе жасалышы керек жана узак жолду басып өтүү керек.
“ШКУнун бирдиктүү валютасын киргизүү тууралуу айта турган болсок, бул маселе күн тартибинде жок. Кийинчерээк каралышы мүмкүн”, – деп билдирди ШКУнун башкы катчысынын орун басары.
Учурда ШКУга Россия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан жана Иран кирет. Ооганстан менен Монголия байкоочу статусуна ээ. 2022-жылы сентябрда Самаркандда өткөн саммитте 2015-жылдан бери байкоочу статусуна ээ болгон Беларусту ШКУга киргизүү механизми ишке киргизилген. Азербайжан, Армения, Египет, Камбоджа, Катар, Непал, Сауд Арабиясы, Түркия жана Шри-Ланка диалог боюнча өнөктөштөр болуп саналат.