ШКУ өлкөлөрү Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү аракеттер планын БУУнун резолюциясына ылайык ишке ашырууну маанилүү деп эсептешет.
Бул туурасында Астанадагы ШКУ саммиттин жыйынтыктоочу декларациясынын текстинде айтылат.
ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери жыйынтыктоочу Астана декларациясы бүгүн, 4-июлда Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында кол коюлду.
Жыйынга Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.
Мындан тышкары, саммиттин катышуучулары 20дан ашык документке кол коюшту, анын ичинде ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын долбоору, терроризмге жана сепаратизмге каршы аракеттенүү боюнча кызматташуу программасы, ШКУнун алкагында кызматташуунун жол картасы бар.
ШКУ 2001-жылы түзүлгөн. Азыр анын курамына он мамлекет: Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Беларус кирет. Байкоочу өлкөлөр – Афганистан жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, БАЭ, Түркия жана Шри-Ланка.
«(ШКУга -ред.) мүчө мамлекеттер Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планын туруктуу ишке ашырууну камсыз кылууну маанилүү деп эсептешет жана документтин ар тараптуу жана натыйжалуу ишке ашырылышы үчүн бардык катышуучуларды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2015-жылдын 20-июлундагы 2231 резолюциясына ылайык Ирандын өзөктүк программасы боюнча бардык милдеттенмелерин так аткарууга чакырышат», – деп айтылат Астана декларациясында.
Эске салсак, 2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишимден чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Иран буга жооп катары келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
АКШнын азыркы лидери Жо Байден Вашингтонду өзөктүк келишимге кайтарууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. 2021-жылдын апрелинен бери Россия, Улуу Британия, Германия, Кытай, АКШ жана Франция Венада Иран тарап менен өзөктүк келишимди баштапкы түрүндө калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген, ал бир нече раунддан кийин 2022-жылдын ноябрында жыйынтыксыз аяктаган.
6-июнда Россия, Кытай жана Иран биргелешкен билдирүү жасап, анда Батышты Тегеран менен өзөктүк келишимди калыбына келтирүүгө чакырышкан.



















