21-декабрдын күнү эң кыска, ал эми 22-декабрга караган түнү эң узак болот. Андан кийин акырындык менен күн узарып, түн кыскарып баштайт. Иран элинде бул күн «Шаб-е Ялда» деп аталып, күз мезгилинин акыркы түнү, кыштын башталышы катары белгилешет. Кыргызстанда аны кыштын эң суук 40 күнү келген «Чилде түнү» деп аташат. Бул Иран календарындагы эң маанилүү күндөрдүн бири жана канча миң жылдандан бери ирандыктар үчүн негизги майрамдардын бири болуп саналат.
Бул күндү ирандыктар үй-бүлөсү менен чогулуп, өзгөчө дасторкон жайып өткөрүшөт. Дасторкондун үстүн ар кандай тамактарга, мөмө-жемиштерге жана кургатылган мөмөлөргө, өзгөчө анар, дарбыз жана башкалар менен толтурушат. Дарбыз – бул түндүн эң негизги жемиши. Бул түнү дарбыз жеген адамдын жылы бою ден-соолугу чың болуп, оору-сыркоодон алыс болот деп ишенишет. Ошондой эле перс акындарынын, өзгөчө Хафиздин ырларын окушат.
“Шаб-е Ялда” майрамы бир гана Иранда эмес, ошондой эле кошуна өлкөлөр Ооганстанда, Тажикстанда жана башка дагы бир катар өлкөлөрдө белгиленет.












Discussion about this post