Ирандын айланасында болуп жаткан акыркы окуялар Кыргызстанда да талкууланган темалардын бири болуп калды.
Саясий серепчи Алмаз Темирбаев өзүнүн ютубдагы баракчасы аркылуу Иран тууралуу азыр калыс маалыматтар аз экенин айтып, көпчүлүгү бир тараптуу болуп жатканын белгиледи. Учурда Ирандын айланасындагы окуяларга байланыштуу маалыматтык согуш катуу жүрүп жатканын айткан Темирбаев, Иран маалыматтык коопсуздук маселесин дагы да күчтөндүрүш керектигин белгилейт.
Ал ирандык профессор Мухаммад Марандинин аргументтерине таянып, бийликке каршы чыккандар аз экенин, көпчүлүк эл бийликти колдой турганын айтат. “Бирок берки кабарларды угуп отурсаң, андай эместей болуп көрүнүп атат. Алар айтып атышат: баланча шаарды алышты, милиция митингге чыккандарга кошулду, “Ирандын рухий лидери Аятолла Али Хомейни өзүнө жакын адамдары менен Москвага качат имиш”,-деп кабар чыгарышты. Албетте, бул кабарлар жалган кабарлар, ошол маалымат согушунан чыккан болчу”,- дейт серепчи.
Мындан сырткары, Трамптын мурунку президенттик мөөнөтүндө АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы болуп турган Майк Пампео, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио сыяктуу саясатчылар митингге колдоо көрсөтүп, элди көчөгө чыгарууга үндөшкөнүн айтты. “Эми ачык эле, алар Иранды ичинен көтөргүсү келип атат. Менин байкоом боюнча ушундай аракет кылышты. Анан маалымат согушу менен отту алоолонтконго аракет кылышты. “Эл көтөрүлсүн, өздөрү эле төңкөрүш кылып салышсын”,-деп күтүштү. Бирок ал максатын жетпептир”,-деди Темирбаев.
Анын видео материалын бул жерден көрсөңүздөр болот:

















