Сербияда өкмөткө каршы нааразылык акциялары маалында 60тан ашуун жаран жана 16 полиция кызматкери жараат алды.
Бул тууралуу өлкөнүн президенти Александр Вучич билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Белградда жана анын чет жакаларында 3084 демонстрант, Нови Садда 1695 адам көчөгө чыккан. Алар таш жана таяк ыргытып, пиротехника жана курал колдонушкан.
Натыйжада 64 адам жабыркап, нааразылык акциясы болгон жерге тез жардам унаалары жөнөтүлгөн. Жабыркагандардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар.
ЖМКлардын маалыматына караганда, укук коргоо кызматкерлери медициналык жардамга муктаж болуп, алардын экөөсү оор абалда ооруканага жаткырылган.
Мамлекет башчы тартипти орнотуу үчүн милиция кызматкерлеринин санын көбөйтөрүн айтып, кол салууга катышкандар кармаларын эскертти.
“16 полиция кызматкери жаракат алды. Алардын ичинен экөө Белградда оор жарадар болушту”, – деди Вучич.
Ички иштер министри Ивица Дачич эреже бузгандар 48 сааттын ичинде кармалып, жоопкерчиликке тартылаарын билдирди.
Сербияда нааразылык акциялары 2024-жылдын ноябрынан бери уланууда. Буга Нови-Сад темир жол бекетиндеги трагедиялуу окуя себеп болгон. Анда бетон чатырдын кулашы 16 адамдын өмүрүн алгандан кийин студенттер менен оппозициянын нааразылык акциялары башталган.


















