Сербияда нааразылык акциясына чыккан студенттер менен оппозициянын тарапкерлери бүгүн ишембиге караган түнү Белградда бир катар инциденттерди жаратты.
Муну Сербиянын Ички иштер министрлиги маалымдап, Белграддагы студенттердин кечки макулдашылбаган жыйыны учурунда негизинен “Пионер” сейил багындагы студенттердин дагы бир жыйынынын катышуучуларына каршы багытталган бир нече инциденттер болгондугун кабарлады.
Белгилей кетсек, Сербияда 2024-жылдын 1-ноябрында Нови-Саддагы темир жол станциясынын чатыры кулап, 15 адам каза болгондон кийин студенттер менен оппозиция тарапкерлеринин нааразылык акциялары төрт айдан бери уланууда.
Социалдык тармактарда студенттик жана оппозициялык топтор ишемби күндү “D-Day” катары көрсөтүп, бардыгын Белградга бир нече жүз миң катышуучуну тарта турган нааразылык акциясына чакырууда.
Студенттердин топтору бир нече күндун ичинде Нови-Сад, Ниш, Крагуевац жана башка шаарлардан жөө жана велосипед менен Белградга багыт алып, аларды тарапташтары тосуп алышты.
“Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн эки адам кармалып, сейил бактардын бир бөлүгүнө зыян келтирилген. Айрым мекемелердин терезелери сынган, бир трактор оодарылып, бирөө көчөгө түртүлгөн», –
деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Ишембиге караган түнү Белграддын көчөлөрүндөгү демонстранттардын саны эң көп дегенде 31 миң адамга жеткендигин кошумчалады басма сөз кызматы.
Жума күнү президенттик администрациянын жанындагы чатыр лагерде эки жүздөй трактор пайда болду. Алар студенттердин лагери жайгашкан “Пионер” паркынын айланасына жайгаштырылып, университеттин төрт айга созулган иш таштоосун токтотууга чакырышты.
Сербиянын президенти Александр Вучич жума күнү Белградда өткөн ишемби күнү студенттер менен оппозиция тарапкерлеринин нааразылык акциясы бийлик менен макулдашылган жок деп билдирди, бирок полиция жана башка мамлекеттик органдарды анын коопсуздугун толук камсыздоого чакырды.
Өлкө башчысы жоопкерчилик макулдашылбаган акциянын уюштуруучуларында экенин кошумчалады жана митингчилерге кол салгандардын бардыгы жана башкаларга кол салган ар бир митингчи кармалаарын белгиледи. Ал ошондой эле полиция кызматкерлерин өзгөчө учурлардан башка учурларда күч колдонбоого чакырды.
Негизги нааразылык жыйыны Сербиянын Скупштина (парламент) алдындагы аянтта өтүшү керек.
Серб темир жолдорунун өкүлү болгон мамлекеттик компания террордук коркунучтардан улам шаарлар аралык каттамдарды токтотконун жарыялады. Ал эми маалымат каражаттары айрым провинциялык автобус ташуучулар ишемби күнү Белградга каттамдарды жүргүзүүдөн баш тартышканын кабарлашты.


















