“Яндекс.Такси” кызматынын 50дөн ашык айдоочусу бүгүн “Яндекс.Такси” компаниясынын Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чогулушту. Алар аталган компания 21% комиссия алып жатканын, бул коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин айтып чыгышты.
Алар жеңилдетүү берилген кардарларга компания эмес, айдоочулар акча кошуп жатканын айтышып, компаниянын ар бир чакыруудан алынчу комиссияны 7%га түшүрүүнү талап кылышып, өлкө бийлигине кайрылышууда.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында “Яндекс.Такси” компаниясы анда такси кызматын көрсөтүп иштегендерден алына турган комиссияны жогорулатып жибергенин, Министрлер кабинети буга чара көрүшү керектигине токтолгон.
Жк депутаты бүгүн Фейсбуктагы барагы аркылуу төмөндөгүдөй маалымат таратты:
“Яндекс.Такси” кызматы рынокту монополия кылып, комиссияны ашкере жогорулатып алганын мойнуна алып, аны арзандатуунун ордуна туура эмес маалымат таратууда. Комиссиябыз 10% дейт, бирок бул борбордон алыс жайгашкан чакан шаарларга гана тиешелүү, негизги такси кызматы жана аны пайдаланган калың катмар Бишкекте. 17% комиссия – бул таксопарк кызматын кошпогондогусу. Ал кошулганда 21% чыгып жатат дегеним ошондон. Бул өтө жогору баа да!
Алардын өтүнүчүнө көңүл бурууну суранып мен Камчыбек Кыдыршаевичке да жеке кайрылдым, дароо реакция болду, рахмат!
“Яндексте” 100 миңден ашуун такси айдоочулары катталган, алардын суранычы аткарылганы калды. Башкысы элге баа жагынан пайдасы. Яндексте иштегендер Акүй/Көкүйдүн эшигин каккылап, айлап арызданып жүрүшкөн. Бизнестин максаты пайда табуу деңизчи, бирок беш колду салып, миллиарддарды Кыргызстандан чыгарып кетип жаткан компанияда ынсап болушу керек да!”
Бирок, “Яндекс.Такси” компаниясы депутаттын ишкана такси айдоочуларынан 21%га чейин комиссия алып жатканы тууралуу сөзүнө жооп берип, маалыматты четке каккан.
Ал эми Монополияга каршы күрөшүү кызматы буга чейин аталган компанияга эки жолу айып пул салганы менен мурдагыдай эле эрежени бузуп жаткандыгын билдирген.
Мына ушундай билдирүүлөрдөн кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 29-ноябрда ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча иш козгогон. Бул кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргүзгөн.
УКМКнын маалыматына ылайык, тинтүү өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголуп, кылмыштын алкагында иш алып барган. Буга байланыштуу “такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат”,- деген билдирүүдөн кийин, учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген.


















