Сауд Аравияда ажылык учурунда каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашканын France-Presse агенттиги өз эсебине таянып билдирди.
«Быйыл ажылык учурунда каза болгондордун саны 1000ден ашты», – деп билдирет агенттик.
Маалыматта белгиленгендей, каза болгондордун жарымынан көбү каттоосу жок зыяратчылар.
Сауд Аравиянын бийлиги каза болгондордун саны тууралуу маалыматты азырынча тастыктай элек. Падышалыктын Саламаттыкты сактоо министрлиги жекшемби күнү, ажылыктын негизги күнү 2764 зыяратчы ысыктан улам дарыгерлерге кайрылганын билдирген.
Күн мурун каза болгон зыяратчылардын арасында кыргызстандыктар жок экенин муфтияттан тастыкташкан. Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга ажылык сапарга 6060 квота бөлгөн.
Быйыл ажылык амалдары 14-июндан 19-июнга чейин аткарылат. AccuWeather аба ырайына байкоо салган сайттын маалыматы боюнча, 17-июнда Меккеде абанын температурасы +45 градуска жеткен. Ал эми ошол күнү Сауд Аравиянын метеорологиялык кызматы шаардагы эң чоң мечитте +52 градусту каттаган.
Мусулмандардын Мекке жана Мединадагы ыйык жерлерге жыл сайын массалык зыярат кылуулары көп учурда бир топ өлүм менен коштолот. Өткөн жылы ажылык сапарда ысыктан 240 адам каза болуп, он миңден ашуун адам ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөргө туш болгон.














