Россиянын Санкт-Петербург облусунун бийлиги чет өлкө жарандарын жеткирүү кызматында (курьер) иштөөгө тыюу салды. Бул тууралуу «Фонтанка» сайты губернатор Александр Беглов кол койгон токтомго таянып билдирди.
Тыюу чет өлкөлүктөрдүн такси тармагында иштөөсүнө 2025-жылдын аягына чейин салынган чектөөнү камтыган ошол эле документке киргизилди. Сөз патент менен иштеген чет өлкөлүк жарандардын курьерлик кылуусуна чектөө коюу жөнүндө болууда.
«Фонтанканын» жазышынча, жаңы чаралар көмүскө жумуштуулукка каршы туруу, жеткирүү кызматтарынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу, ошондой эле россиялыктар үчүн кошумча жумуш орундарын ачуу максатын көздөйт.
Санкт-Петербург администрациясынын басма сөз кызматы чет өлкөлүк курьерлер бул сектордогу жалпы жумушчулардын өтө аз бөлүгүн түзөрүн, ошондуктан бул чара жеткирүү рыногунун туруктуулугуна таасир бербей турганын билдирди. Бизнеске ыңгайлашуу үчүн үч ай убакыт берилди.
Россиянын аймактары 2015-жылдан бери мигранттардын айрым тармактарда иштөөсүнө чектөөлөрдү киргизип келет. Өткөн жылы гана Татарстанда, Камчаткада жана Омск облусунда чет өлкөлүктөргө такси жана башка тармактарда иштөөгө тыюу салынган.
Россия бийлиги 2024-жылдын март айында Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерт залында болгон теракттан кийин миграциялык саясатты катуулата баштаган. Башкалардан тышкары, алар нике аркылуу Россиянын ВНЖсын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуу мүмкүнчүлүгүн чектешти, жаңы өлкөдөн чыгаруу тартибин бекитишти, ошондой эле мигранттардын орус тилин билбеген балдарын мектепке кабыл алууга тыюу салышты.

















