Бул мыйзамсыз майнинг-ферманы 51 жаштагы ишкер уюштурган.
Өзбекстандын Самарканд шаарында үстүбүздөгү жылдын декабрь айында 2,5 млрд сумга электр энергиясын короткон төртүнчү мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Самарканддын 51 жаштагы жашоочусу өзүнүн ишканасынын аймагында шаардык электр тармактар ишканасына электр энергиясын эсептегичти айланып өткөн 10 даана Abtiminer s19 жабдыгын жана үч Whatsminer M30 криптовалюта жасоочу аппаратты орнотуу менен мыйзамсыз иш жүргүзгөн майнинг-ферманы уюштурган.
Электр тармактар ишканасына келтирилген материалдык зыяндын суммасы 2 млрд 530 миң сумду түзгөн.
Бул иш боюнча ӨРнын ККнын 169-беренесинин 4-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Эми ишкер аталган берененин негизинде 8ден 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.



















