Самаркандда 49 адам коомдук тамактануучу жайда даярдалган “хот-догго” ууланып, жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Жабыркагандардын арасында жашы жете элек балдар да бар.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, жабыркагандардын баары фастфуд сатуучу жайда “хот-дог” жешкен. Кечке жуук алардын дене табы көтөрүлүп, кусуп, ичтери өткөн.
Учурда 29 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү, калган 20 бейтап дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы жакшы.
Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин башкы эксперти Абдурахман Исмаиловдун билдиргенине караганда, “хот-догдогу” сабиз салаты үй шартында бышырылган, ал эми коомдук тамактануу жайы бул салатты өз азыктарына колдонгон.
Учурда коомдук тамактануу жайынын иши токтотулду. “Хот-дог” үчүн жасалган азыктардын үлгүлөрү райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына текшерүүгө берилди.