2025-жылдын 4–5-апрелинде Өзбекстанда Самарканд климат форуму өттү – бул Борбор Азиядагы экология жана туруктуу өнүгүү темаларына толук багытталган биринчи ири деңгээлдеги иш-чара болуп эсептелет.
Форум аймак үчүн маанилүү окуя болуп, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду: ага БУУнун үч баш катчысынын орун басары, ири экологиялык уюмдардын жетекчилери, 30дан ашык өлкөнүн жана эл аралык агенттиктердин өкүлдөрү катышты. Алардын катарында UNCCD, FAO, UNIDO, UNECE жана ICBA сыяктуу уюмдар, ошондой эле экология тармагындагы министрлер жана адистер болушту.
Иш чарада жашыл жаратылышты өнүгүүсүнүн концепциясы сунушталып, аны 2025-жылы Бразилияда өтө турган COP30 конференциясынын алкагында бекитүү үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Өзбекстан 2023-жылы COP28де түзүлгөн, жогорку климаттык амбициясы бар 43 өлкөнү камтыган Climate Club аттуу ыктыярдуу коалицияга кошулган. Бул клуб өнөр жайды декарбондоштуруу жана глобалдык аракеттерди күчөтүү боюнча тажрыйба алмашуу үчүн платформа кызматын өтөйт.
Climate Club төмөнкү үч негизги багытта иш алып барат:
-
парник газдарын азайтуу боюнча ачык саясат жүргүзүү,
-
өнөр жайды трансформациялоо,
-
эл аралык кызматташууну бекемдөө.
Негизги максаты — глобалдык “нөлдүк эмиссияга” жетүү жана Париж келишимин ишке ашырууну тездетүү.
Форумда Өзбекстан менен GIZ (Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча коому) экологияны коргоо, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жаатында өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул документ Өзбекстанда жана Борбор Азияда иштиктүү аракеттерди жүзөгө ашырууга, климатка туруктуу жана төмөн көмүртек деңгээлдеги өнүгүүгө көмөктөшүүгө багытталган.
Мындан тышкары, Өзбекстандын Экология министрлиги менен Кыргызстандын Табигый ресурстар министрлигинин ортосунда Борбор Азиядагы Айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү боюнча университетке (Green University) кыргызстандык адистерди даярдоо үчүн квоталарды бөлүү тууралуу меморандум түзүлдү. Ага ылайык, Кыргызстандын студенттери үчүн 9 орун (5 – бакалавриат, 4 – магистратура) каралган. Максат — регионалдык кызматташууну өнүктүрүү жана климат менен экология жаатындагы кесипкөй кадрларды даярдоо.
Ошондой эле Өзбекстандагы ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгү менен стратегиялык кызматташуу тууралуу келишимге жетишилди. Бул келишим айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптация, табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жана балдар үчүн маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн инклюзивдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди карайт. Өзгөчө көңүл балдардын экологиялык маселелерди чечүүгө активдүү катышуусуна жана алардын саламаттыгына бурулат.



















