«Салимбай байбача» каймана аты менен белгилүү болгон өзбекстандык Салим Абдувалиев ден соолугуна байланыштуу абактан бошотулду.
2023-жылы 6 жылга эркинен ажыратылган ишкер Салим Абдувалиев ден соолугуна байланыштуу 12-январда бошотулганын Gazeta.uz басылмасы Telegram каналына жарыялады.
Өзбекстандын массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча, 74 жаштагы «Салимбай байбача» көптөн бери ооруп жүргөн.
Gazeta.uz Өзбекстандын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасынан бул маалымат тууралуу тастыктама ала алган эмес. Редакция Жогорку Сотко да суроо-талап жиберген.
Салим Абдувалиевдин камакка алынганы боюнча маалымат 2023-жылдын декабрында белгилүү болгон.
Анын кармалышы Өзбекстан боюнча “көчө бандаларынын” мүчөлөрүн жана кылмыштуу топторду аныктоо жана кармоо боюнча масштабдуу рейддердин алкагында болгон.
2024-жылдын март айында сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 2-бөлүгүндө (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын маанилүү бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды, жардыргыч түзүлүштөрдү же жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан.
Ал эми Кыргызстан өткөн жылы Салим Абдувалиевге Интерпол аркылуу издөө салган.
75 жаштагы ишкер 2017-жылдын январь айынан бери Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп иштеп келген. Спортко кошкон салымы үчүн С. Абдувалиев 2015-жылы «Достук» ордени, 2021-жылы «Спортко эмгек сиңирген машыктыруучу» наамы менен сыйланган.
Кыргызстан Салим Абдувалиевге эмне үчүн издөө салган?
Кыргыз бийлигинин “Салимбай байбачага” Интерпол аркылуу издөө салгандыгынын башкы себеби, Борбор Азияга таанымал жана таасири күчтүү делген атайын күч органдарынын кармоо операциясында жок кылынган кримтөбөл, кыргызстандык Камчы Көлбаевге байланыштуу болгон.
Улуттук коопсуздук комитети Көлбаев атып өлтүрүлгөндөн кийин криминалга каршы аёосуз күрөш жарыялап, аны менен байланышта болгон бир катар мамлекеттик жана мурдагы мамлекеттик чиновниктердин, саясатчы, бизнесмендердин сары изине түшүп, ондогон адамдарды кармаган. Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутуттары да болгон.
Улуттук коопсуздук комитети “Салимбай байбачага” издөө жарыялагандыгынын дагы бир негизги себеби Жогорку Кеңешке “Альянс” партиясынан депутат болгон Эмил Жамгырчиевдин жашыруун кат жазып, андан колдоо сураганы себеп болгон.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттын Салимбай байбачага жазган катын окуп берген. Анда Жамгырчиев 2022-жылдын аягында “Салимбай байбачадан” колдоо сурап Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Ташкентке барганы айтылган.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын акыркы айларында Өзбекстанда кылмыш дүйнөсүнө каршы ири рейддер жүрүп, анын алкагында бир эле учурда “ишкер”, “меценат”, “мафияны анабашы” деп сыпатталган “Салимбай байбача” – Салимбай Абдувалиев кармалып, ага “курал-жаракты мыйзамсыз сактаган” деген айып коюлган.



















