Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбе шаарына Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди.
Мамлекет башчынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аны Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:
— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев;
— Энергетика министри Таалайбек Ибраев.